Катталуу, бет 556
-
يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۖ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Аллахты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!
64:1 -
هُوَ الَّذِي خَلَقَكُمْ فَمِنْكُمْ كَافِرٌ وَمِنْكُمْ مُؤْمِنٌ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
(Оо, инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллах бардык ишиңерди Көрүүчү!
64:2 -
خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ ۖ وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ
Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу – Өзүнө!
64:3 -
يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَيَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ ۚ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллах жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү!
64:4 -
أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَبْلُ فَذَاقُوا وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
(Оо, мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан. Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар.
64:5 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُ كَانَتْ تَأْتِيهِمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَقَالُوا أَبَشَرٌ يَهْدُونَنَا فَكَفَرُوا وَتَوَلَّوْا ۚ وَاسْتَغْنَى اللَّهُ ۚ وَاللَّهُ غَنِيٌّ حَمِيدٌ
Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти туура жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти. Аллах аларга муктаж эмес. Аллах – Беймуктаж, Макталган!
64:6 -
زَعَمَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنْ لَنْ يُبْعَثُوا ۚ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتُبْعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلْتُمْ ۚ وَذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.
64:7 -
فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالنُّورِ الَّذِي أَنْزَلْنَا ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Эми, (эсиңерге келип) Аллахка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллах бардык ишиңерден Кабардар!
64:8 -
يَوْمَ يَجْمَعُكُمْ لِيَوْمِ الْجَمْعِ ۖ ذَٰلِكَ يَوْمُ التَّغَابُنِ ۗ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ وَيَعْمَلْ صَالِحًا يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
(Аллах) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал – Тагаабун Күнү! Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул – Улуу жетишкендик!
64:9
Котормо: Шамсуддин Хакимов