Катталуу, бет 555

  1. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا يَسْتَغْفِرْ لَكُمْ رَسُولُ اللَّهِ لَوَّوْا رُءُوسَهُمْ وَرَأَيْتَهُمْ يَصُدُّونَ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ

    Аларга «(тооба кылып) келгиле, Аллахтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллахдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң.

    63:5
  2. سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَسْتَغْفَرْتَ لَهُمْ أَمْ لَمْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ لَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ

    Сен алар үчүн (Аллахтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да – айырмасы жок: Аллах эч качан кечирбейт! Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!

    63:6
  3. هُمُ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنْفِقُوا عَلَىٰ مَنْ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّىٰ يَنْفَضُّوا ۗ وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ

    Алар (өз кишилерине) «Аллахтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллахтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт.

    63:7
  4. يَقُولُونَ لَئِنْ رَجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ ۚ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ

    Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен . Улуулук Аллахка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт.

    63:8
  5. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُلْهِكُمْ أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

    Оо, ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллахты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар – зыян тарткандар!

    63:9
  6. وَأَنْفِقُوا مِنْ مَا رَزَقْنَاكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ فَيَقُولَ رَبِّ لَوْلَا أَخَّرْتَنِي إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ فَأَصَّدَّقَ وَأَكُنْ مِنَ الصَّالِحِينَ

    Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «Оо, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллах берген ырыскылардан садака кылып калгыла.

    63:10
  7. وَلَنْ يُؤَخِّرَ اللَّهُ نَفْسًا إِذَا جَاءَ أَجَلُهَا ۚ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

    Ажалы жетип калса, Аллах эч бир жанга мөөнөт бербейт! Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!

    63:11

Котормо: Шамсуддин Хакимов