Катталуу, бет 525

  1. أَمْ تَأْمُرُهُمْ أَحْلَامُهُمْ بِهَٰذَا ۚ أَمْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ

    Же болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби?!

    52:32
  2. أَمْ يَقُولُونَ تَقَوَّلَهُ ۚ بَلْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Же болбосо, «(Мухаммад) аны (Куранды) оюнан чыгарып сүйлөгөн» - дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт!

    52:33
  3. فَلْيَأْتُوا بِحَدِيثٍ مِثْلِهِ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ

    Эгер («Куранды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин?!

    52:34
  4. أَمْ خُلِقُوا مِنْ غَيْرِ شَيْءٍ أَمْ هُمُ الْخَالِقُونَ

    Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?

    52:35
  5. أَمْ خَلَقُوا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ ۚ بَلْ لَا يُوقِنُونَ

    Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт.

    52:36
  6. أَمْ عِنْدَهُمْ خَزَائِنُ رَبِّكَ أَمْ هُمُ الْمُصَيْطِرُونَ

    Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?

    52:37
  7. أَمْ لَهُمْ سُلَّمٌ يَسْتَمِعُونَ فِيهِ ۖ فَلْيَأْتِ مُسْتَمِعُهُمْ بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ

    Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин!

    52:38
  8. أَمْ لَهُ الْبَنَاتُ وَلَكُمُ الْبَنُونَ

    Же болбосо, Ага (Аллах таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби?!

    52:39
  9. أَمْ تَسْأَلُهُمْ أَجْرًا فَهُمْ مِنْ مَغْرَمٍ مُثْقَلُونَ

    Же болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы?

    52:40
  10. أَمْ عِنْدَهُمُ الْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ

    Же болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы?!

    52:41
  11. أَمْ يُرِيدُونَ كَيْدًا ۖ فَالَّذِينَ كَفَرُوا هُمُ الْمَكِيدُونَ

    Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат.

    52:42
  12. أَمْ لَهُمْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ

    Же болбосо, алардын Аллахтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллах алар кошкон ширктен Таза!

    52:43
  13. وَإِنْ يَرَوْا كِسْفًا مِنَ السَّمَاءِ سَاقِطًا يَقُولُوا سَحَابٌ مَرْكُومٌ

    Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет.

    52:44
  14. فَذَرْهُمْ حَتَّىٰ يُلَاقُوا يَوْمَهُمُ الَّذِي فِيهِ يُصْعَقُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой.

    52:45
  15. يَوْمَ لَا يُغْنِي عَنْهُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ

    Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт.

    52:46
  16. وَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا عَذَابًا دُونَ ذَٰلِكَ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Жана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт.

    52:47
  17. وَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ فَإِنَّكَ بِأَعْيُنِنَا ۖ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ حِينَ تَقُومُ

    Эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт!

    52:48
  18. وَمِنَ اللَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَإِدْبَارَ النُّجُومِ

    Түндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт!

    52:49

Котормо: Шамсуддин Хакимов