Катталуу, бет 511
-
إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًا مُبِينًا
(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик.
48:1 -
لِيَغْفِرَ لَكَ اللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكَ وَيَهْدِيَكَ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا
Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн
48:2 -
وَيَنْصُرَكَ اللَّهُ نَصْرًا عَزِيزًا
жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн.
48:3 -
هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ السَّكِينَةَ فِي قُلُوبِ الْمُؤْمِنِينَ لِيَزْدَادُوا إِيمَانًا مَعَ إِيمَانِهِمْ ۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
(Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман.
48:4 -
لِيُدْخِلَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِنْدَ اللَّهِ فَوْزًا عَظِيمًا
Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш!
48:5 -
وَيُعَذِّبَ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْمُشْرِكِينَ وَالْمُشْرِكَاتِ الظَّانِّينَ بِاللَّهِ ظَنَّ السَّوْءِ ۚ عَلَيْهِمْ دَائِرَةُ السَّوْءِ ۖ وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَلَعَنَهُمْ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَهَنَّمَ ۖ وَسَاءَتْ مَصِيرًا
Жана Аллах жөнүндө жаман ойлогон мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун!
48:6 -
وَلِلَّهِ جُنُودُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтын Колунда жана Аллах Кудуреттүү, Даанышман!
48:7 -
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
(Оо, Мухаммад!) Биз сени (Аллахтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (бейиштен) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик.
48:8 -
لِتُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُ وَتُسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَأَصِيلًا
Жана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик).
48:9
Котормо: Шамсуддин Хакимов