Катталуу, бет 510

  1. وَلَوْ نَشَاءُ لَأَرَيْنَاكَهُمْ فَلَعَرَفْتَهُمْ بِسِيمَاهُمْ ۚ وَلَتَعْرِفَنَّهُمْ فِي لَحْنِ الْقَوْلِ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ أَعْمَالَكُمْ

    Эгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды белгилеринен эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллах силердин амал-ишиңерди билет.

    47:30
  2. وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ حَتَّىٰ نَعْلَمَ الْمُجَاهِدِينَ مِنْكُمْ وَالصَّابِرِينَ وَنَبْلُوَ أَخْبَارَكُمْ

    Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз.

    47:31
  3. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَشَاقُّوا الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْهُدَىٰ لَنْ يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا وَسَيُحْبِطُ أَعْمَالَهُمْ

    Чынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон жана өздөрүнө туура жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллах) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот.

    47:32
  4. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَلَا تُبْطِلُوا أَعْمَالَكُمْ

    Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллахтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла!

    47:33
  5. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ مَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ فَلَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ

    Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллахтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллах эч качан кечирбейт!

    47:34
  6. فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَنْ يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ

    (Оо, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллах силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт!

    47:35
  7. إِنَّمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ ۚ وَإِنْ تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا يُؤْتِكُمْ أُجُورَكُمْ وَلَا يَسْأَلْكُمْ أَمْوَالَكُمْ

    Чынында дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллах силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллах жолуна чыгарууну) сурабайт.

    47:36
  8. إِنْ يَسْأَلْكُمُوهَا فَيُحْفِكُمْ تَبْخَلُوا وَيُخْرِجْ أَضْغَانَكُمْ

    Эгер (Аллах) силерден аны (мүлкүңөрдү) сурап, түйшөлтсө, сараңдык кыласыңар жана Ал силердин (жүрөгүңөрдөгү) жек көрүүнү ашкерелеп койот.

    47:37
  9. هَا أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ تُدْعَوْنَ لِتُنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَمِنْكُمْ مَنْ يَبْخَلُ ۖ وَمَنْ يَبْخَلْ فَإِنَّمَا يَبْخَلُ عَنْ نَفْسِهِ ۚ وَاللَّهُ الْغَنِيُّ وَأَنْتُمُ الْفُقَرَاءُ ۚ وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ

    Оо, силер, Аллах жолунда (мал-мүлк) чыгарууга чакырылган адамдар! Силерден кээ бирөөлөр сараңдык кылаар. Кимде-ким сараң болсо ал өз жанына (бейишке киришине) сараңдык кылган болот. Аллах (силердин мал-мүлкүңөргө) муктаж эмес! Өзүңөр (Аллахка) муктажсыңар! Эгер (Аллахтын динин колдоодон) жүз буруп кетсеңер, Ал силерди (жок кылып) ордуңарга башка коомду алмаштырып койот. Кийин алар силер сыяктуу (бакыл, Аллахтын аяттарына каршы чыгуучу) болушпайт.

    47:38

Котормо: Шамсуддин Хакимов