Катталуу, бет 507
-
الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ أَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
(Өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын амалдарын (Аллах таала) жокко чыгарды.
47:1 -
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَآمَنُوا بِمَا نُزِّلَ عَلَىٰ مُحَمَّدٍ وَهُوَ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۙ كَفَّرَ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَأَصْلَحَ بَالَهُمْ
Аллах ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) Чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот.
47:2 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا اتَّبَعُوا الْبَاطِلَ وَأَنَّ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّبَعُوا الْحَقَّ مِنْ رَبِّهِمْ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ لِلنَّاسِ أَمْثَالَهُمْ
Мунун себеби, каапыр болгон адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер болсо Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллах адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет.
47:3 -
فَإِذَا لَقِيتُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا فَضَرْبَ الرِّقَابِ حَتَّىٰ إِذَا أَثْخَنْتُمُوهُمْ فَشُدُّوا الْوَثَاقَ فَإِمَّا مَنًّا بَعْدُ وَإِمَّا فِدَاءً حَتَّىٰ تَضَعَ الْحَرْبُ أَوْزَارَهَا ۚ ذَٰلِكَ وَلَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَانْتَصَرَ مِنْهُمْ وَلَٰكِنْ لِيَبْلُوَ بَعْضَكُمْ بِبَعْضٍ ۗ وَالَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَلَنْ يُضِلَّ أَعْمَالَهُمْ
Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундап алгыла! Андан кийин же эч нерсе албай азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллах кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт!
47:4 -
سَيَهْدِيهِمْ وَيُصْلِحُ بَالَهُمْ
Аллах аларды (бейиш жолуна) жолдойт жана (эки дүйнөдө) иштерин оңдойт.
47:5 -
وَيُدْخِلُهُمُ الْجَنَّةَ عَرَّفَهَا لَهُمْ
Жана аларды өздөрүнө (Куранда) тааныткан бейишке киргизет.
47:6 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ
Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллахка (Анын динине) жардам берсеңер, Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.
47:7 -
وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
Каапырлар жоголсун! (Аллах) алардын амалдарын жокко чыгарат.
47:8 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَرِهُوا مَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ
Мунун себеби, алар Аллах түшүргөн нерсени (Куранды) жаман көрүштү. Анан (Аллах) алардын амалдарын текке кетирди!
47:9 -
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ دَمَّرَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ۖ وَلِلْكَافِرِينَ أَمْثَالُهَا
Алар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллах алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар!
47:10 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ مَوْلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَأَنَّ الْكَافِرِينَ لَا مَوْلَىٰ لَهُمْ
Мунун себеби, Аллах ыймандуу адамдардын жардамчысы. Ал эми, каапырлардын жардамчысы жок!
47:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов