Катталуу, бет 506

  1. وَإِذْ صَرَفْنَا إِلَيْكَ نَفَرًا مِنَ الْجِنِّ يَسْتَمِعُونَ الْقُرْآنَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوا أَنْصِتُوا ۖ فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوْا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ مُنْذِرِينَ

    Бир кезде, (оо, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Куран угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Куран(ды уккан)га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула» - деп айтышты. Куран окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти.

    46:29
  2. قَالُوا يَا قَوْمَنَا إِنَّا سَمِعْنَا كِتَابًا أُنْزِلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ وَإِلَىٰ طَرِيقٍ مُسْتَقِيمٍ

    Алар (коомуна барып мындай) дешти: «Оо, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана туура жолго баштай турган Китепти уктук.

    46:30
  3. يَا قَوْمَنَا أَجِيبُوا دَاعِيَ اللَّهِ وَآمِنُوا بِهِ يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُجِرْكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ

    Оо, коомубуз! Аллахтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт.

    46:31
  4. وَمَنْ لَا يُجِبْ دَاعِيَ اللَّهِ فَلَيْسَ بِمُعْجِزٍ فِي الْأَرْضِ وَلَيْسَ لَهُ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءُ ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    Ал эми, кимде-ким Аллахтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллахтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллахтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар – анык адашууда болушат!»

    46:32
  5. أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَلَمْ يَعْيَ بِخَلْقِهِنَّ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يُحْيِيَ الْمَوْتَىٰ ۚ بَلَىٰ إِنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллах, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал - бардык нерсеге кудуреттүү!

    46:33
  6. وَيَوْمَ يُعْرَضُ الَّذِينَ كَفَرُوا عَلَى النَّارِ أَلَيْسَ هَٰذَا بِالْحَقِّ ۖ قَالُوا بَلَىٰ وَرَبِّنَا ۚ قَالَ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ

    Каапырлар тозокко алып келинген күндө (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба. Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллах айтат: «Эми каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!».

    46:34
  7. فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ ۚ كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَ مَا يُوعَدُونَ لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا سَاعَةً مِنْ نَهَارٍ ۚ بَلَاغٌ ۚ فَهَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الْفَاسِقُونَ

    (Оо, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба. Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле?!

    46:35

Котормо: Шамсуддин Хакимов