Катталуу, бет 487
-
وَمِنْ آيَاتِهِ الْجَوَارِ فِي الْبَحْرِ كَالْأَعْلَامِ
Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер.
42:32 -
إِنْ يَشَأْ يُسْكِنِ الرِّيحَ فَيَظْلَلْنَ رَوَاكِدَ عَلَىٰ ظَهْرِهِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ
Эгер (Аллах) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар.
42:33 -
أَوْ يُوبِقْهُنَّ بِمَا كَسَبُوا وَيَعْفُ عَنْ كَثِيرٍ
Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет.
42:34 -
وَيَعْلَمَ الَّذِينَ يُجَادِلُونَ فِي آيَاتِنَا مَا لَهُمْ مِنْ مَحِيصٍ
Биздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллахтын кудуретинен) кутула турган жер жок!
42:35 -
فَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَمَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ لِلَّذِينَ آمَنُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ
Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллахтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү.
42:36 -
وَالَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَائِرَ الْإِثْمِ وَالْفَوَاحِشَ وَإِذَا مَا غَضِبُوا هُمْ يَغْفِرُونَ
Алар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет.
42:37 -
وَالَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِرَبِّهِمْ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَمْرُهُمْ شُورَىٰ بَيْنَهُمْ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат.
42:38 -
وَالَّذِينَ إِذَا أَصَابَهُمُ الْبَغْيُ هُمْ يَنْتَصِرُونَ
Жана алар өздөрүнө зулум жетсе (залымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер.
42:39 -
وَجَزَاءُ سَيِّئَةٍ سَيِّئَةٌ مِثْلُهَا ۖ فَمَنْ عَفَا وَأَصْلَحَ فَأَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ
Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет. Чынында, Аллах залымдарды сүйбөйт.
42:40 -
وَلَمَنِ انْتَصَرَ بَعْدَ ظُلْمِهِ فَأُولَٰئِكَ مَا عَلَيْهِمْ مِنْ سَبِيلٍ
Ким өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (залымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок.
42:41 -
إِنَّمَا السَّبِيلُ عَلَى الَّذِينَ يَظْلِمُونَ النَّاسَ وَيَبْغُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар.
42:42 -
وَلَمَنْ صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ
Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (залымды) кечирсе – бул өтө улук иштерден!
42:43 -
وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ وَلِيٍّ مِنْ بَعْدِهِ ۗ وَتَرَى الظَّالِمِينَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ يَقُولُونَ هَلْ إِلَىٰ مَرَدٍّ مِنْ سَبِيلٍ
Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, Андан (Аллахтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен залымдарды, (кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң.
42:44
Котормо: Шамсуддин Хакимов