Катталуу, бет 486

  1. ذَٰلِكَ الَّذِي يُبَشِّرُ اللَّهُ عِبَادَهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۗ قُلْ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا إِلَّا الْمَوَدَّةَ فِي الْقُرْبَىٰ ۗ وَمَنْ يَقْتَرِفْ حَسَنَةً نَزِدْ لَهُ فِيهَا حُسْنًا ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ شَكُورٌ

    Булар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллах сүйүнчүлөгөн куш кабар. (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Куран үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Тууган-урукчулуктун негизиндеги) жылуу мамилени гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллах (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (пенделеринин жакшы иштерине андан жакшыраак) сыйлык берүүчү.

    42:23
  2. أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا ۖ فَإِنْ يَشَإِ اللَّهُ يَخْتِمْ عَلَىٰ قَلْبِكَ ۗ وَيَمْحُ اللَّهُ الْبَاطِلَ وَيُحِقُّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

    Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллахка доомат кылды» - дешеби?! Эгер Аллах кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү!

    42:24
  3. وَهُوَ الَّذِي يَقْبَلُ التَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِ وَيَعْفُو عَنِ السَّيِّئَاتِ وَيَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ

    Аллах Өз пенделеринен тообону кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат.

    42:25
  4. وَيَسْتَجِيبُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۚ وَالْكَافِرُونَ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ

    Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар!

    42:26
  5. وَلَوْ بَسَطَ اللَّهُ الرِّزْقَ لِعِبَادِهِ لَبَغَوْا فِي الْأَرْضِ وَلَٰكِنْ يُنَزِّلُ بِقَدَرٍ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّهُ بِعِبَادِهِ خَبِيرٌ بَصِيرٌ

    Эгер Аллах пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар.

    42:27
  6. وَهُوَ الَّذِي يُنَزِّلُ الْغَيْثَ مِنْ بَعْدِ مَا قَنَطُوا وَيَنْشُرُ رَحْمَتَهُ ۚ وَهُوَ الْوَلِيُّ الْحَمِيدُ

    Ал (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Башкаруучу, Макталган!

    42:28
  7. وَمِنْ آيَاتِهِ خَلْقُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَثَّ فِيهِمَا مِنْ دَابَّةٍ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ جَمْعِهِمْ إِذَا يَشَاءُ قَدِيرٌ

    Асмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү.

    42:29
  8. وَمَا أَصَابَكُمْ مِنْ مُصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ

    Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көп (күнөөлөрдү) кечирет.

    42:30
  9. وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ ۖ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

    Жана силер жер бетинде (Аллахты) алсыз калтыра албайсыңар. (Ошондуктан) силерге Аллахтан башка башкаруучу да жардамчы да жок.

    42:31

Котормо: Шамсуддин Хакимов