Катталуу, бет 480
-
إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ
«Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө!
41:30 -
نَحْنُ أَوْلِيَاؤُكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ۖ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِي أَنْفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ
Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар!
41:31 -
نُزُلًا مِنْ غَفُورٍ رَحِيمٍ
Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллах) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет).
41:32 -
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?
41:33 -
وَلَا تَسْتَوِي الْحَسَنَةُ وَلَا السَّيِّئَةُ ۚ ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ فَإِذَا الَّذِي بَيْنَكَ وَبَيْنَهُ عَدَاوَةٌ كَأَنَّهُ وَلِيٌّ حَمِيمٌ
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.
41:34 -
وَمَا يُلَقَّاهَا إِلَّا الَّذِينَ صَبَرُوا وَمَا يُلَقَّاهَا إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٍ
Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет.
41:35 -
وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۖ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле! Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү!
41:36 -
وَمِنْ آيَاتِهِ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ وَالشَّمْسُ وَالْقَمَرُ ۚ لَا تَسْجُدُوا لِلشَّمْسِ وَلَا لِلْقَمَرِ وَاسْجُدُوا لِلَّهِ الَّذِي خَلَقَهُنَّ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ
Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!
41:37 -
فَإِنِ اسْتَكْبَرُوا فَالَّذِينَ عِنْدَ رَبِّكَ يُسَبِّحُونَ لَهُ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَهُمْ لَا يَسْأَمُونَ ۩
Эгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат.
41:38
Котормо: Шамсуддин Хакимов