Катталуу, бет 479

  1. وَقَالُوا لِجُلُودِهِمْ لِمَ شَهِدْتُمْ عَلَيْنَا ۖ قَالُوا أَنْطَقَنَا اللَّهُ الَّذِي أَنْطَقَ كُلَّ شَيْءٍ وَهُوَ خَلَقَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    Анда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?» – дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллах бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар».

    41:21
  2. وَمَا كُنْتُمْ تَسْتَتِرُونَ أَنْ يَشْهَدَ عَلَيْكُمْ سَمْعُكُمْ وَلَا أَبْصَارُكُمْ وَلَا جُلُودُكُمْ وَلَٰكِنْ ظَنَنْتُمْ أَنَّ اللَّهَ لَا يَعْلَمُ كَثِيرًا مِمَّا تَعْمَلُونَ

    Силер (эй, күнөөкөр адамдар!) Өзүңөрдүн зыяныңарга кулагыңар, көзүңөр, териңер күбөлүк беришинен (дүйнөдө) жашынбайт элеңер. (Анткени), жасаган ишиңерден көпчүлүгүн Аллах билбей калат деп ойлогонсуңар.

    41:22
  3. وَذَٰلِكُمْ ظَنُّكُمُ الَّذِي ظَنَنْتُمْ بِرَبِّكُمْ أَرْدَاكُمْ فَأَصْبَحْتُمْ مِنَ الْخَاسِرِينَ

    Раббиңерге күмөн санаган ушул ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар.

    41:23
  4. فَإِنْ يَصْبِرُوا فَالنَّارُ مَثْوًى لَهُمْ ۖ وَإِنْ يَسْتَعْتِبُوا فَمَا هُمْ مِنَ الْمُعْتَبِينَ

    Эгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт.

    41:24
  5. وَقَيَّضْنَا لَهُمْ قُرَنَاءَ فَزَيَّنُوا لَهُمْ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَحَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا خَاسِرِينَ

    Биз аларга (Куранды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Алар зыян тартуучу болушту.

    41:25
  6. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَسْمَعُوا لِهَٰذَا الْقُرْآنِ وَالْغَوْا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَغْلِبُونَ

    Каапыр адамдар (бири-бирине): «Куранды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!» – дешти.

    41:26
  7. فَلَنُذِيقَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا عَذَابًا شَدِيدًا وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَسْوَأَ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Биз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз!

    41:27
  8. ذَٰلِكَ جَزَاءُ أَعْدَاءِ اللَّهِ النَّارُ ۖ لَهُمْ فِيهَا دَارُ الْخُلْدِ ۖ جَزَاءً بِمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ

    Ушул жаза Аллахтын душмандарынын жазасы: тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар!

    41:28
  9. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا رَبَّنَا أَرِنَا اللَّذَيْنِ أَضَلَّانَا مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ نَجْعَلْهُمَا تَحْتَ أَقْدَامِنَا لِيَكُونَا مِنَ الْأَسْفَلِينَ

    (Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «Оо, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды, эң төмөнкү тозокто болушу үчүн, тамандарыбыз менен эзип-жанчып туралы!» дешти.

    41:29

Котормо: Шамсуддин Хакимов