Катталуу, бет 477
-
حم
Хаа-миим.
41:1 -
تَنْزِيلٌ مِنَ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ
(Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)
41:2 -
كِتَابٌ فُصِّلَتْ آيَاتُهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
(маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Куран калыбында толук баяндалган (Китеп)
41:3 -
بَشِيرًا وَنَذِيرًا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ
(Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт.
41:4 -
وَقَالُوا قُلُوبُنَا فِي أَكِنَّةٍ مِمَّا تَدْعُونَا إِلَيْهِ وَفِي آذَانِنَا وَقْرٌ وَمِنْ بَيْنِنَا وَبَيْنِكَ حِجَابٌ فَاعْمَلْ إِنَّنَا عَامِلُونَ
Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти.
41:5 -
قُلْ إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يُوحَىٰ إِلَيَّ أَنَّمَا إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَاسْتَقِيمُوا إِلَيْهِ وَاسْتَغْفِرُوهُ ۗ وَوَيْلٌ لِلْمُشْرِكِينَ
Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»
41:6 -
الَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ
Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар.
41:7 -
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ
Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»
41:8 -
قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِالَّذِي خَلَقَ الْأَرْضَ فِي يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُ أَنْدَادًا ۚ ذَٰلِكَ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал – ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусу го!»
41:9 -
وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ مِنْ فَوْقِهَا وَبَارَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا فِي أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَاءً لِلسَّائِلِينَ
Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн.
41:10 -
ثُمَّ اسْتَوَىٰ إِلَى السَّمَاءِ وَهِيَ دُخَانٌ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ائْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا قَالَتَا أَتَيْنَا طَائِعِينَ
Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар)ды максат кылды. Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!» – дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик» – дешти.
41:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов