Сүрө 41 Фуссилат

  1. حم

    Хаа-миим.

    41:1
  2. تَنْزِيلٌ مِنَ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ

    (Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)

    41:2
  3. كِتَابٌ فُصِّلَتْ آيَاتُهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

    (маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Куран калыбында толук баяндалган (Китеп)

    41:3
  4. بَشِيرًا وَنَذِيرًا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

    (Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт.

    41:4
  5. وَقَالُوا قُلُوبُنَا فِي أَكِنَّةٍ مِمَّا تَدْعُونَا إِلَيْهِ وَفِي آذَانِنَا وَقْرٌ وَمِنْ بَيْنِنَا وَبَيْنِكَ حِجَابٌ فَاعْمَلْ إِنَّنَا عَامِلُونَ

    Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти.

    41:5
  6. قُلْ إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يُوحَىٰ إِلَيَّ أَنَّمَا إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ فَاسْتَقِيمُوا إِلَيْهِ وَاسْتَغْفِرُوهُ ۗ وَوَيْلٌ لِلْمُشْرِكِينَ

    Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»

    41:6
  7. الَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ

    Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар.

    41:7
  8. إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ

    Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»

    41:8
  9. قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِالَّذِي خَلَقَ الْأَرْضَ فِي يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُ أَنْدَادًا ۚ ذَٰلِكَ رَبُّ الْعَالَمِينَ

    Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал – ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусу го!»

    41:9
  10. وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ مِنْ فَوْقِهَا وَبَارَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا فِي أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَاءً لِلسَّائِلِينَ

    Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн.

    41:10
  11. ثُمَّ اسْتَوَىٰ إِلَى السَّمَاءِ وَهِيَ دُخَانٌ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ائْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا قَالَتَا أَتَيْنَا طَائِعِينَ

    Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар)ды максат кылды. Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!» – дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик» – дешти.

    41:11
  12. فَقَضَاهُنَّ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ فِي يَوْمَيْنِ وَأَوْحَىٰ فِي كُلِّ سَمَاءٍ أَمْرَهَا ۚ وَزَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِمَصَابِيحَ وَحِفْظًا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ

    Анан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Биз Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллахтын тагдыры.

    41:12
  13. فَإِنْ أَعْرَضُوا فَقُلْ أَنْذَرْتُكُمْ صَاعِقَةً مِثْلَ صَاعِقَةِ عَادٍ وَثَمُودَ

    Эгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»

    41:13
  14. إِذْ جَاءَتْهُمُ الرُّسُلُ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ ۖ قَالُوا لَوْ شَاءَ رَبُّنَا لَأَنْزَلَ مَلَائِكَةً فَإِنَّا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ

    Бир кезде аларга пайгамбарлар биринин артынан бири келип: «Аллахтан башкага ибадат кылбагыла!» (дегенде) «Эгер Раббибиз кааласа, периштелерди (пайгамбар кылып) түшүрмөк. Биз силер алып келген Динге ишенбейбиз. (Анткени, адамдан пайгамбар чыгышы мүмкүн эмес)» дешти.

    41:14
  15. فَأَمَّا عَادٌ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَقَالُوا مَنْ أَشَدُّ مِنَّا قُوَّةً ۖ أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَهُمْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُمْ قُوَّةً ۖ وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ

    Ал эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллах алардан күчтүүрөөк экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту.

    41:15
  16. فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِي أَيَّامٍ نَحِسَاتٍ لِنُذِيقَهُمْ عَذَابَ الْخِزْيِ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَخْزَىٰ ۖ وَهُمْ لَا يُنْصَرُونَ

    Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт!

    41:16
  17. وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيْنَاهُمْ فَاسْتَحَبُّوا الْعَمَىٰ عَلَى الْهُدَىٰ فَأَخَذَتْهُمْ صَاعِقَةُ الْعَذَابِ الْهُونِ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) хидаят берсек, хидаят-туура жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду!

    41:17
  18. وَنَجَّيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ

    Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык.

    41:18
  19. وَيَوْمَ يُحْشَرُ أَعْدَاءُ اللَّهِ إِلَى النَّارِ فَهُمْ يُوزَعُونَ

    Ал эми, Аллахтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү,

    41:19
  20. حَتَّىٰ إِذَا مَا جَاءُوهَا شَهِدَ عَلَيْهِمْ سَمْعُهُمْ وَأَبْصَارُهُمْ وَجُلُودُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Тозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт.

    41:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов