Катталуу, бет 473

  1. قَالُوا أَوَلَمْ تَكُ تَأْتِيكُمْ رُسُلُكُمْ بِالْبَيِّنَاتِ ۖ قَالُوا بَلَىٰ ۚ قَالُوا فَادْعُوا ۗ وَمَا دُعَاءُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ

    (Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!» – дешти.

    40:50
  2. إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ

    Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз.

    40:51
  3. يَوْمَ لَا يَنْفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ ۖ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ

    Ал Күндө залым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар!

    40:52
  4. وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْهُدَىٰ وَأَوْرَثْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ

    Биз Мусага Хидаят – туура жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исраил урпактарын мураскор кылып койдук.

    40:53
  5. هُدًى وَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ

    (Ал Китеп) туура жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)

    40:54
  6. فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ

    (Оо, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт!

    40:55
  7. إِنَّ الَّذِينَ يُجَادِلُونَ فِي آيَاتِ اللَّهِ بِغَيْرِ سُلْطَانٍ أَتَاهُمْ ۙ إِنْ فِي صُدُورِهِمْ إِلَّا كِبْرٌ مَا هُمْ بِبَالِغِيهِ ۚ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۖ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ

    Аллахтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок. Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллахтан коргоо тиле. Ал – Угуучу, Көрүүчү!

    40:56
  8. لَخَلْقُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ أَكْبَرُ مِنْ خَلْقِ النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

    Аныгында, асмандар менен жерди жаратуу инсаниятты жаратуудан чоң нерсе. Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) билбей жатышат.

    40:57
  9. وَمَا يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَلَا الْمُسِيءُ ۚ قَلِيلًا مَا تَتَذَكَّرُونَ

    Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Оо, Адамдар Аллахты) өтө сейрек эскерүүдөсүңөр.

    40:58

Котормо: Шамсуддин Хакимов