Катталуу, бет 472

  1. وَيَا قَوْمِ مَا لِي أَدْعُوكُمْ إِلَى النَّجَاةِ وَتَدْعُونَنِي إِلَى النَّارِ

    Оо, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»

    40:41
  2. تَدْعُونَنِي لِأَكْفُرَ بِاللَّهِ وَأُشْرِكَ بِهِ مَا لَيْسَ لِي بِهِ عِلْمٌ وَأَنَا أَدْعُوكُمْ إِلَى الْعَزِيزِ الْغَفَّارِ

    Силер мени Аллахка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллахка) чакырып жатамын.

    40:42
  3. لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدْعُونَنِي إِلَيْهِ لَيْسَ لَهُ دَعْوَةٌ فِي الدُّنْيَا وَلَا فِي الْآخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَا إِلَى اللَّهِ وَأَنَّ الْمُسْرِفِينَ هُمْ أَصْحَابُ النَّارِ

    Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллахка гана кайтабыз. Жана (Аллахка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери!

    40:43
  4. فَسَتَذْكُرُونَ مَا أَقُولُ لَكُمْ ۚ وَأُفَوِّضُ أَمْرِي إِلَى اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ

    Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллахка тапшырамын. Чынында Аллах пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фараон аны өлтүртмөк болду).

    40:44
  5. فَوَقَاهُ اللَّهُ سَيِّئَاتِ مَا مَكَرُوا ۖ وَحَاقَ بِآلِ فِرْعَوْنَ سُوءُ الْعَذَابِ

    (Бирок), Аллах алардын айла – амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фараон менен анын элин коркунучтуу азап ороду.

    40:45
  6. النَّارُ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا غُدُوًّا وَعَشِيًّا ۖ وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ أَدْخِلُوا آلَ فِرْعَوْنَ أَشَدَّ الْعَذَابِ

    Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат. Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.)

    40:46
  7. وَإِذْ يَتَحَاجُّونَ فِي النَّارِ فَيَقُولُ الضُّعَفَاءُ لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًا فَهَلْ أَنْتُمْ مُغْنُونَ عَنَّا نَصِيبًا مِنَ النَّارِ

    Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!» – дешет.

    40:47
  8. قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا كُلٌّ فِيهَا إِنَّ اللَّهَ قَدْ حَكَمَ بَيْنَ الْعِبَادِ

    (Анда) жетекчи мушриктер айтышат: «Бул жерде бардыгыбыз (алсызбыз). Пенделердин арасында Бир Аллахтын Өзү гана өкүм кылат».

    40:48
  9. وَقَالَ الَّذِينَ فِي النَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ادْعُوا رَبَّكُمْ يُخَفِّفْ عَنَّا يَوْمًا مِنَ الْعَذَابِ

    Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти.

    40:49

Котормо: Шамсуддин Хакимов