Катталуу, бет 46

  1. وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ نَفَقَةٍ أَوْ نَذَرْتُمْ مِنْ نَذْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُهُ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

    Силер кандай садака же назир кылсаңар – Аллах аны билип турат. Залымдарга (Аллах тарабынан) жардамчы жок.

    2:270
  2. إِنْ تُبْدُوا الصَّدَقَاتِ فَنِعِمَّا هِيَ ۖ وَإِنْ تُخْفُوهَا وَتُؤْتُوهَا الْفُقَرَاءَ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۚ وَيُكَفِّرُ عَنْكُمْ مِنْ سَيِّئَاتِكُمْ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

    Эгер садакаларды ашкере кылсаңар – бул жакшы. Эгер жашыруун кылып, кембагалдарга берсеңер – бул да силерге жакшы. (Бул экөө тең) Силердин күнөөңөрдү жууйт. Жана Аллах силер кылып жаткан ишиңерден кабардар.

    2:271
  3. لَيْسَ عَلَيْكَ هُدَاهُمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۗ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَلِأَنْفُسِكُمْ ۚ وَمَا تُنْفِقُونَ إِلَّا ابْتِغَاءَ وَجْهِ اللَّهِ ۚ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ

    (Оо, пайгамбар!) Аларды туура жолго салуу сенин колуңда эмес. (Сен болгону аларга чындыкты жеткирүүчүсүң.) Бирок, Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго баштайт. (Оо, ыймандуу пенделер) кандай жакшылыкты (мүлктү) садака кылсаңар – ал өзүңөрдүн пайдаңарга. (Эгер чыныгы ыймандуу болсоңор) Аллахтын Жүзүн үмүт кылып гана садака кыласыңар. Жана кандай гана жакшылыкты садака кылсаңар, силерге зулум кылынбаган абалда (сообу) өзүңөргө толук кайтарылат.

    2:272
  4. لِلْفُقَرَاءِ الَّذِينَ أُحْصِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ ضَرْبًا فِي الْأَرْضِ يَحْسَبُهُمُ الْجَاهِلُ أَغْنِيَاءَ مِنَ التَّعَفُّفِ تَعْرِفُهُمْ بِسِيمَاهُمْ لَا يَسْأَلُونَ النَّاسَ إِلْحَافًا ۗ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ

    (Оо, момундар! Силер) Аллахтын жолунда (жүрүп, тиричиликтен) тосулган, жер бетинде сапар кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон, (бирок) билбеген адам аларды (бирөөдөн сураганга) ыйба кылгандан улам бай деп ойлогон кембагалдарга (садака кылгыла). Аларды көрүнүшүнөн тааныйсыңар. Алар адамдардан суранышпайт. Кандай гана жакшы садака кылсаңар да, аны Аллах Билүүчү!

    2:273
  5. الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ سِرًّا وَعَلَانِيَةً فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    Түнү-күнү (ар дайым) мал-дүйнөсүн жашыруун жана ашкере түрдө садака кылган адамдар үчүн Раббисинин алдында (көбөйтүрүлгөн) сооптору бар. Аларга коркунуч да жок жана алар капа болушпайт.

    2:274

Котормо: Шамсуддин Хакимов