Катталуу, бет 45
-
وَمَثَلُ الَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ وَتَثْبِيتًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ كَمَثَلِ جَنَّةٍ بِرَبْوَةٍ أَصَابَهَا وَابِلٌ فَآتَتْ أُكُلَهَا ضِعْفَيْنِ فَإِنْ لَمْ يُصِبْهَا وَابِلٌ فَطَلٌّ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Мал-дүйнөлөрүн Аллахтын ыраазычылыгын көздөп жана (Аллах берчү соопко) бекем - чын ишенимдери менен садака кылган адамдардын мисалы, бийик, тегиз жердеги бак-бостон сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы да (пайдалуу) боло берет. Жана Аллах силер жасаган (бардык) ишиңерди Көрүүчү.
2:265 -
أَيَوَدُّ أَحَدُكُمْ أَنْ تَكُونَ لَهُ جَنَّةٌ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ لَهُ فِيهَا مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ وَأَصَابَهُ الْكِبَرُ وَلَهُ ذُرِّيَّةٌ ضُعَفَاءُ فَأَصَابَهَا إِعْصَارٌ فِيهِ نَارٌ فَاحْتَرَقَتْ ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ
Силерден бирөөңөр, астынан дарыялар аккан, ичинде ар түрдүү мөмөлөрү болгон жүзүм жана курма багы болушун, жана өзү картайып, бала-бакырасы да алсыз болгон бир мезгилде, бак-бостонуна оттуу бороон тийип, өрттөп кетишин каалайт беле?! Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат, пикир кылышыңар үчүн.
2:266 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَنْفِقُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا كَسَبْتُمْ وَمِمَّا أَخْرَجْنَا لَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ ۖ وَلَا تَيَمَّمُوا الْخَبِيثَ مِنْهُ تُنْفِقُونَ وَلَسْتُمْ بِآخِذِيهِ إِلَّا أَنْ تُغْمِضُوا فِيهِ ۚ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٌ
Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңерден жана Биз силер үчүн жерден чыгарып берген (дан, жер азыктары, мөмө-жемиш ж.б.у.с.) нерселерден эң асыл-тазаларын садака кылгыла. Жана алардан төмөн-начар болгондорун садака кылууну ниет кылбагыла. Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да андан көзүңөрдү жумуп (жактырбай) аласыңар. Жана билгиле, Аллах Беймуктаж жана мактоого татыктуу.
2:267 -
الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ ۖ وَاللَّهُ يَعِدُكُمْ مَغْفِرَةً مِنْهُ وَفَضْلًا ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Шайтан силерди кембагалдык менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллах болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллах (тын ырайым-пазилети ) Кенен, Билүүчү.
2:268 -
يُؤْتِي الْحِكْمَةَ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُؤْتَ الْحِكْمَةَ فَقَدْ أُوتِيَ خَيْرًا كَثِيرًا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ
(Аллах) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге даанышмандык берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) акылдуу адамдар гана баамдай алышат.
2:269
Котормо: Шамсуддин Хакимов