Катталуу, бет 438
-
وَالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ مِنَ الْكِتَابِ هُوَ الْحَقُّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ بِعِبَادِهِ لَخَبِيرٌ بَصِيرٌ
Биз сага вахий кылган Китеп (Куран) өзүнөн мурунку (асмандан түшкөн) китептерди тастыктаган Акыйкат. Албетте Аллах өз пенделеринин абалынан Кабардар, Көрүүчү.
35:31 -
ثُمَّ أَوْرَثْنَا الْكِتَابَ الَّذِينَ اصْطَفَيْنَا مِنْ عِبَادِنَا ۖ فَمِنْهُمْ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ وَمِنْهُمْ مُقْتَصِدٌ وَمِنْهُمْ سَابِقٌ بِالْخَيْرَاتِ بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَضْلُ الْكَبِيرُ
Кийин Биз Китепти (Куранды) тандап алган пенделерибизге (Мухаммаддын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалаң важыпты аткарып, арамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Жана алардын арасында Аллахтын уруксаты менен сооп иштерди (бири-бирине) атаандашып жасагандары да бар. Бул - (аларга Аллах берген) эң чоң пазилет.
35:32 -
جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا ۖ وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ
Алар, өздөрү кире турган түбөлүк бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен.
35:33 -
وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَذْهَبَ عَنَّا الْحَزَنَ ۖ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٌ شَكُورٌ
Жана алар (бейиште эс алып жүрүп): «Бизден кайгы-капаны арылткан Аллахка мактоолор болсун! Чынында, Биздин Раббибиз Кечиримдүү (жана) Шүгүр кылуучу!
35:34 -
الَّذِي أَحَلَّنَا دَارَ الْمُقَامَةِ مِنْ فَضْلِهِ لَا يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٌ وَلَا يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٌ
Ал бизди Өзүнүн пазилети менен түбөлүк (жыргал) орундарга түшүрдү. Анда бизге машакат-кыйынчылык да жетпейт, чарчоо да кыйнабайт» – дешет.
35:35 -
وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقْضَىٰ عَلَيْهِمْ فَيَمُوتُوا وَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ مِنْ عَذَابِهَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي كُلَّ كَفُورٍ
Ал эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз.
35:36 -
وَهُمْ يَصْطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَا أَخْرِجْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا غَيْرَ الَّذِي كُنَّا نَعْمَلُ ۚ أَوَلَمْ نُعَمِّرْكُمْ مَا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَنْ تَذَكَّرَ وَجَاءَكُمُ النَّذِيرُ ۖ فَذُوقُوا فَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
Алар анда өкүрүп-кыйкырып: «Оо, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Залым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»
35:37 -
إِنَّ اللَّهَ عَالِمُ غَيْبِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Чынында Аллах асмандар жана жердеги кайыптарды Билүүчү. Ал көкүрөктөрдөгү (жашыруун) сырларды да Билүүчү.
35:38
Котормо: Шамсуддин Хакимов