Катталуу, бет 437

  1. وَمَا يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ

    Сокур менен көздүү тең эмес.

    35:19
  2. وَلَا الظُّلُمَاتُ وَلَا النُّورُ

    Караңгы менен нур дагы (тең эмес).

    35:20
  3. وَلَا الظِّلُّ وَلَا الْحَرُورُ

    Аптап менен көлөкө дагы (тең эмес).

    35:21
  4. وَمَا يَسْتَوِي الْأَحْيَاءُ وَلَا الْأَمْوَاتُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُسْمِعُ مَنْ يَشَاءُ ۖ وَمَا أَنْتَ بِمُسْمِعٍ مَنْ فِي الْقُبُورِ

    Тирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес! Аллах (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың!

    35:22
  5. إِنْ أَنْتَ إِلَّا نَذِيرٌ

    Сен болгону бир эскертүүчүсүң.

    35:23
  6. إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا ۚ وَإِنْ مِنْ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٌ

    Чынында Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн.

    35:24
  7. وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ وَبِالزُّبُرِ وَبِالْكِتَابِ الْمُنِيرِ

    Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллах тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле.

    35:25
  8. ثُمَّ أَخَذْتُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ

    Андан кийин Мен каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадым! (Менин) четке кагуу(м) кандай экен?!

    35:26
  9. أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ ثَمَرَاتٍ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهَا ۚ وَمِنَ الْجِبَالِ جُدَدٌ بِيضٌ وَحُمْرٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٌ

    Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).

    35:27
  10. وَمِنَ النَّاسِ وَالدَّوَابِّ وَالْأَنْعَامِ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ كَذَٰلِكَ ۗ إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ

    Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. (Ушуларды таанып-билүү үчүн аракеттенип, илим издеш керек. Анткени:) Аллахтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында Аллах - Кудереттүү, Кечиримдүү.

    35:28
  11. إِنَّ الَّذِينَ يَتْلُونَ كِتَابَ اللَّهِ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً يَرْجُونَ تِجَارَةً لَنْ تَبُورَ

    Аллахтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат.

    35:29
  12. لِيُوَفِّيَهُمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ غَفُورٌ شَكُورٌ

    (Аллах аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу!

    35:30

Котормо: Шамсуддин Хакимов