Катталуу, бет 41
-
فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِالْجُنُودِ قَالَ إِنَّ اللَّهَ مُبْتَلِيكُمْ بِنَهَرٍ فَمَنْ شَرِبَ مِنْهُ فَلَيْسَ مِنِّي وَمَنْ لَمْ يَطْعَمْهُ فَإِنَّهُ مِنِّي إِلَّا مَنِ اغْتَرَفَ غُرْفَةً بِيَدِهِ ۚ فَشَرِبُوا مِنْهُ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۚ فَلَمَّا جَاوَزَهُ هُوَ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ قَالُوا لَا طَاقَةَ لَنَا الْيَوْمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ ۚ قَالَ الَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُمْ مُلَاقُو اللَّهِ كَمْ مِنْ فِئَةٍ قَلِيلَةٍ غَلَبَتْ فِئَةً كَثِيرَةً بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ مَعَ الصَّابِرِينَ
Таалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди: "Аллах силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал – сабырсыз) жана ким андан ичпесе – ал менден (мени менен барат) Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли, (алардын өз ыктыяры: калгысы келсе – калат, мени менен кеткиси келсе – кетет)". Анан (бардыгы жолго чыгып, дарыяга жеткенде) аз гана адамдан башка баарысы суу ичип алышты. Бир убакта ал (Таалут) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар дарыядан өттү эле, (көпчүлүк суу жүрөктөрү): "Бүгүн Жаалут жана анын аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт" дешти. Ал эми, (Кыяматта) Аллах менен жолугууга (бекем) ишенгендер: "Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллахтын каалоосу менен көп сандуу аскерлерди жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен!" дешти.
2:249 -
وَلَمَّا بَرَزُوا لِجَالُوتَ وَجُنُودِهِ قَالُوا رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Жана Жаалут менен анын аскерлерине бетме-бет келгенде: "О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеңиш бере көр!" деп (дуба кылып согушка киришти).
2:250 -
فَهَزَمُوهُمْ بِإِذْنِ اللَّهِ وَقَتَلَ دَاوُودُ جَالُوتَ وَآتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَهُ مِمَّا يَشَاءُ ۗ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَفَسَدَتِ الْأَرْضُ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْعَالَمِينَ
Кийин аларды Аллахтын каалоосу менен жеңип алышты Дауд Жалутту өлтүрдү. Аллах ага падышалык менен даанышмандык берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллах адамдардын бир бөлүгүн башка бир бөлүгү менен жоготуп турбаса жер бузулуп кетмек. Бирок, Аллах ааламдардын үстүнөн - Пазилетүү.
2:251 -
تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۚ وَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Булар - Аллахтын далилдери. Аларды сага акыйкатттык менен айтып берүүдөбүз. Жана сен албетте пайгамбарлардын бирисиң.
2:252
Котормо: Шамсуддин Хакимов