Катталуу, бет 40

  1. أَلَمْ تَرَ إِلَى الْمَلَإِ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ إِذْ قَالُوا لِنَبِيٍّ لَهُمُ ابْعَثْ لَنَا مَلِكًا نُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ قَالَ هَلْ عَسَيْتُمْ إِنْ كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ أَلَّا تُقَاتِلُوا ۖ قَالُوا وَمَا لَنَا أَلَّا نُقَاتِلَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَدْ أُخْرِجْنَا مِنْ دِيَارِنَا وَأَبْنَائِنَا ۖ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ تَوَلَّوْا إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

    Мусадан кийинки, Исраил урпактарынан болгон жамаатты(н кабарын) билбедиңби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына: "бизге бир падыша дайындап бер, Аллах жолунда согушка чыгалы" дешкенде, ал: "Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаңарчы?" деди. Алар айтышты: "Кантип эле Аллахтын жолунда согушпай коёлу?! Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык!" Ал эми, согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы (согуштан) баш тартышты. Аллах заалым адамдарды Билүүчү.

    2:246
  2. وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ اللَّهَ قَدْ بَعَثَ لَكُمْ طَالُوتَ مَلِكًا ۚ قَالُوا أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُ الْمُلْكُ عَلَيْنَا وَنَحْنُ أَحَقُّ بِالْمُلْكِ مِنْهُ وَلَمْ يُؤْتَ سَعَةً مِنَ الْمَالِ ۚ قَالَ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاهُ عَلَيْكُمْ وَزَادَهُ بَسْطَةً فِي الْعِلْمِ وَالْجِسْمِ ۖ وَاللَّهُ يُؤْتِي مُلْكَهُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

    Аларга пайгамбары: "Аллах силерге (мына бул) Таалутту падыша дайындады" дегенде, алар: "Ал кайдан бизге падыша болсун?! Андан көрө падышалыкка өзүбүз көбүрөөк акылуубуз. Жана ага кененирээк мал-дүйнө да берилген эмес" дешти. (Анда пайгамбар) айтты: "Аны силерге (падыша кылып, мен эмес) Аллах тандады жана аны (саясий) илимде жана денесинде(ги кубатты башкалардан) ашыкча кылды. Аллах (жердеги) падышалыгын Өзү каалаган адамга берет. Жана Аллах(тын пазилети) Кенен, Билүүчү".

    2:247
  3. وَقَالَ لَهُمْ نَبِيُّهُمْ إِنَّ آيَةَ مُلْكِهِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ التَّابُوتُ فِيهِ سَكِينَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَبَقِيَّةٌ مِمَّا تَرَكَ آلُ مُوسَىٰ وَآلُ هَارُونَ تَحْمِلُهُ الْمَلَائِكَةُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    Пайгамбары аларга: "Анын падышалыгынын белгиси, силерге (душманыңар тартып алган) сандыктын (кайра өзүңөргө) келиши. Анда (силер үчүн) Раббиңер тарабынан тынчтык-бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган (таберик) нерселер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер (чындап) ыймандуу болсоңор ушул окуяда силер үчүн аян-белги бар" - деди.

    2:248

Котормо: Шамсуддин Хакимов