Катталуу, бет 394

  1. قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ اللَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِضِيَاءٍ ۖ أَفَلَا تَسْمَعُونَ

    Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллах силердин үстүңөрдө түндү кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» силерге жарыкты алып келе алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»

    28:71
  2. قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ النَّهَارَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِلَيْلٍ تَسْكُنُونَ فِيهِ ۖ أَفَلَا تُبْصِرُونَ

    Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллах үстүңөрдөгү күндүздү тээ кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! (Бул кереметтерди) көрбөй жатасыңарбы?

    28:72
  3. وَمِنْ رَحْمَتِهِ جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

    Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн жакшылыгынан издешиңер үчүн түн менен күндүздү жаратып койгону Аллахтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар!

    28:73
  4. وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ

    Жана ошол күнү (Аллах) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?» – дейт.

    28:74
  5. وَنَزَعْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ فَعَلِمُوا أَنَّ الْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

    Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз. Анан алар акыйкат (кудайлык) Аллахка гана таандык экенин анык билишет. Өздөрү ойлоп тапкан (кудайлары) жок болуп кетет.

    28:75
  6. إِنَّ قَارُونَ كَانَ مِنْ قَوْمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيْهِمْ ۖ وَآتَيْنَاهُ مِنَ الْكُنُوزِ مَا إِنَّ مَفَاتِحَهُ لَتَنُوءُ بِالْعُصْبَةِ أُولِي الْقُوَّةِ إِذْ قَالَ لَهُ قَوْمُهُ لَا تَفْرَحْ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْفَرِحِينَ

    Чынында, Карун Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллах (текеберленип), оолуккандарды сүйбөйт!»

    28:76
  7. وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ ۖ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا ۖ وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ

    «Аллах сага берген байлык менен акырет конушун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага жакшылык кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) жакшылык кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»

    28:77

Котормо: Шамсуддин Хакимов