Катталуу, бет 393
-
وَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَمَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَزِينَتُهَا ۚ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе (бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
28:60 -
أَفَمَنْ وَعَدْنَاهُ وَعْدًا حَسَنًا فَهُوَ لَاقِيهِ كَمَنْ مَتَّعْنَاهُ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ثُمَّ هُوَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنَ الْمُحْضَرِينَ
Биз ага сонун жашоону (бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин кыямат күндө (тозок алдына) алып келинген кишиге окшойбу?!
28:61 -
وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Ал күндө (Аллах) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!».
28:62 -
قَالَ الَّذِينَ حَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَغْوَيْنَا أَغْوَيْنَاهُمْ كَمَا غَوَيْنَا ۖ تَبَرَّأْنَا إِلَيْكَ ۖ مَا كَانُوا إِيَّانَا يَعْبُدُونَ
(Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар: «Оо, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес» – дешет.
28:63 -
وَقِيلَ ادْعُوا شُرَكَاءَكُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُمْ وَرَأَوُا الْعَذَابَ ۚ لَوْ أَنَّهُمْ كَانُوا يَهْتَدُونَ
(Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) туура жолдо болушканда. (Азапты көрбөй, бейишке түшмөк эмес беле!)
28:64 -
وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ مَاذَا أَجَبْتُمُ الْمُرْسَلِينَ
Ошол күнү (Аллах) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» – дейт.
28:65 -
فَعَمِيَتْ عَلَيْهِمُ الْأَنْبَاءُ يَوْمَئِذٍ فَهُمْ لَا يَتَسَاءَلُونَ
Ал күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн дүйнөдөгү айтып жүрүшкөн далилдердин) кабары аларга берилбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт.
28:66 -
فَأَمَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَعَسَىٰ أَنْ يَكُونَ مِنَ الْمُفْلِحِينَ
Ал эми тообо кылып, жакшы иштерди жасаган ыймандуулар (тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт!
28:67 -
وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ ۗ مَا كَانَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат. Аларга (Аллахка каршы чыгууга) ыктыяр жок. Аллах алардын ширктеринен аруу-таза!
28:68 -
وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ
Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат.
28:69 -
وَهُوَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْحَمْدُ فِي الْأُولَىٰ وَالْآخِرَةِ ۖ وَلَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал – Аллах! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар!
28:70
Котормо: Шамсуддин Хакимов