Катталуу, бет 381

  1. وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ فَإِذَا هُمْ فَرِيقَانِ يَخْتَصِمُونَ

    Биз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)

    27:45
  2. قَالَ يَا قَوْمِ لِمَ تَسْتَعْجِلُونَ بِالسَّيِّئَةِ قَبْلَ الْحَسَنَةِ ۖ لَوْلَا تَسْتَغْفِرُونَ اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

    (Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».

    27:46
  3. قَالُوا اطَّيَّرْنَا بِكَ وَبِمَنْ مَعَكَ ۚ قَالَ طَائِرُكُمْ عِنْدَ اللَّهِ ۖ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ تُفْتَنُونَ

    (Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».

    27:47
  4. وَكَانَ فِي الْمَدِينَةِ تِسْعَةُ رَهْطٍ يُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

    Шаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.

    27:48
  5. قَالُوا تَقَاسَمُوا بِاللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُ وَأَهْلَهُ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِ مَا شَهِدْنَا مَهْلِكَ أَهْلِهِ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ

    Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.

    27:49
  6. وَمَكَرُوا مَكْرًا وَمَكَرْنَا مَكْرًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

    Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.

    27:50
  7. فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ مَكْرِهِمْ أَنَّا دَمَّرْنَاهُمْ وَقَوْمَهُمْ أَجْمَعِينَ

    Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!

    27:51
  8. فَتِلْكَ بُيُوتُهُمْ خَاوِيَةً بِمَا ظَلَمُوا ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

    Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.

    27:52
  9. وَأَنْجَيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ

    Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.

    27:53
  10. وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ أَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ وَأَنْتُمْ تُبْصِرُونَ

    Жана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!

    27:54
  11. أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ شَهْوَةً مِنْ دُونِ النِّسَاءِ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ

    Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди.

    27:55

Котормо: Шамсуддин Хакимов