Катталуу, бет 380

  1. فَلَمَّا جَاءَ سُلَيْمَانَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٍ فَمَا آتَانِيَ اللَّهُ خَيْرٌ مِمَّا آتَاكُمْ بَلْ أَنْتُمْ بِهَدِيَّتِكُمْ تَفْرَحُونَ

    (Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллах берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарлык) силер алып келгендерден артык. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле!

    27:36
  2. ارْجِعْ إِلَيْهِمْ فَلَنَأْتِيَنَّهُمْ بِجُنُودٍ لَا قِبَلَ لَهُمْ بِهَا وَلَنُخْرِجَنَّهُمْ مِنْهَا أَذِلَّةً وَهُمْ صَاغِرُونَ

    (Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!».

    27:37
  3. قَالَ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ أَيُّكُمْ يَأْتِينِي بِعَرْشِهَا قَبْلَ أَنْ يَأْتُونِي مُسْلِمِينَ

    (Анан) айтты: «Оо, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?».

    27:38
  4. قَالَ عِفْرِيتٌ مِنَ الْجِنِّ أَنَا آتِيكَ بِهِ قَبْلَ أَنْ تَقُومَ مِنْ مَقَامِكَ ۖ وَإِنِّي عَلَيْهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٌ

    Жиндерден «Ифрит» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул ордуңдан турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» - деди.

    27:39
  5. قَالَ الَّذِي عِنْدَهُ عِلْمٌ مِنَ الْكِتَابِ أَنَا آتِيكَ بِهِ قَبْلَ أَنْ يَرْتَدَّ إِلَيْكَ طَرْفُكَ ۚ فَلَمَّا رَآهُ مُسْتَقِرًّا عِنْدَهُ قَالَ هَٰذَا مِنْ فَضْلِ رَبِّي لِيَبْلُوَنِي أَأَشْكُرُ أَمْ أَكْفُرُ ۖ وَمَنْ شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّي غَنِيٌّ كَرِيمٌ

    Ал эми, китептен илими болгон анын (Сулаймандын) алдындагы бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ким шүгүр кылса, өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» - деди.

    27:40
  6. قَالَ نَكِّرُوا لَهَا عَرْشَهَا نَنْظُرْ أَتَهْتَدِي أَمْ تَكُونُ مِنَ الَّذِينَ لَا يَهْتَدُونَ

    (Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу».

    27:41
  7. فَلَمَّا جَاءَتْ قِيلَ أَهَٰكَذَا عَرْشُكِ ۖ قَالَتْ كَأَنَّهُ هُوَ ۚ وَأُوتِينَا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهَا وَكُنَّا مُسْلِمِينَ

    (Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. (Анда Сулайман айтты): «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук».

    27:42
  8. وَصَدَّهَا مَا كَانَتْ تَعْبُدُ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ إِنَّهَا كَانَتْ مِنْ قَوْمٍ كَافِرِينَ

    Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллахка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле.

    27:43
  9. قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الصَّرْحَ ۖ فَلَمَّا رَأَتْهُ حَسِبَتْهُ لُجَّةً وَكَشَفَتْ عَنْ سَاقَيْهَا ۚ قَالَ إِنَّهُ صَرْحٌ مُمَرَّدٌ مِنْ قَوَارِيرَ ۗ قَالَتْ رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي وَأَسْلَمْتُ مَعَ سُلَيْمَانَ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    (Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө..., аны суу деп ойлоп, (бутун чечип, кийимин) балтырына чейин көтөргөндө, (Сулайман): «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди. (Сулаймандын Аллахтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Саба канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «Оо, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!» - деди.

    27:44

Котормо: Шамсуддин Хакимов