Катталуу, бет 369

  1. لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَةَ إِنْ كَانُوا هُمُ الْغَالِبِينَ

    Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».

    26:40
  2. فَلَمَّا جَاءَ السَّحَرَةُ قَالُوا لِفِرْعَوْنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ

    Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.

    26:41
  3. قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ إِذًا لَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ

    «Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».

    26:42
  4. قَالَ لَهُمْ مُوسَىٰ أَلْقُوا مَا أَنْتُمْ مُلْقُونَ

    Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».

    26:43
  5. فَأَلْقَوْا حِبَالَهُمْ وَعِصِيَّهُمْ وَقَالُوا بِعِزَّةِ فِرْعَوْنَ إِنَّا لَنَحْنُ الْغَالِبُونَ

    Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.

    26:44
  6. فَأَلْقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

    Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!

    26:45
  7. فَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سَاجِدِينَ

    (Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)

    26:46
  8. قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ

    дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!

    26:47
  9. رَبِّ مُوسَىٰ وَهَارُونَ

    Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

    26:48
  10. قَالَ آمَنْتُمْ لَهُ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّهُ لَكَبِيرُكُمُ الَّذِي عَلَّمَكُمُ السِّحْرَ فَلَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ

    (Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын!

    26:49
  11. قَالُوا لَا ضَيْرَ ۖ إِنَّا إِلَىٰ رَبِّنَا مُنْقَلِبُونَ

    «(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.

    26:50
  12. إِنَّا نَطْمَعُ أَنْ يَغْفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَايَانَا أَنْ كُنَّا أَوَّلَ الْمُؤْمِنِينَ

    Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».

    26:51
  13. وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِي إِنَّكُمْ مُتَّبَعُونَ

    Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.

    26:52
  14. فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ

    (Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.

    26:53
  15. إِنَّ هَٰؤُلَاءِ لَشِرْذِمَةٌ قَلِيلُونَ

    (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.

    26:54
  16. وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَائِظُونَ

    Алар биздин ачуубузду чыгарды.

    26:55
  17. وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَاذِرُونَ

    Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.

    26:56
  18. فَأَخْرَجْنَاهُمْ مِنْ جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    (Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.

    26:57
  19. وَكُنُوزٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ

    (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.

    26:58
  20. كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَاهَا بَنِي إِسْرَائِيلَ

    Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.

    26:59
  21. فَأَتْبَعُوهُمْ مُشْرِقِينَ

    (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.

    26:60

Котормо: Шамсуддин Хакимов