Катталуу, бет 359

  1. إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِذَا كَانُوا مَعَهُ عَلَىٰ أَمْرٍ جَامِعٍ لَمْ يَذْهَبُوا حَتَّىٰ يَسْتَأْذِنُوهُ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَأْذِنُونَكَ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ ۚ فَإِذَا اسْتَأْذَنُوكَ لِبَعْضِ شَأْنِهِمْ فَأْذَنْ لِمَنْ شِئْتَ مِنْهُمْ وَاسْتَغْفِرْ لَهُمُ اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    (Чыныгы) ыймандуулар – Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар. Качан алар (мусулмандарга) пайдалуу бир иштин үстүндө пайгамбар менен бирге болушса, андан уруксат сурамайынча кетип калышпайт. (Оо, Мухаммад!) Чынында, сенден уруксат сураган адамдар Аллахка жана Анын пайгамбарына (чын ыклас менен) ишенгендер! Эгер алар кээ бир иштерине уруксат сурашса, алардан каалаганыңа уруксат бер жана алардын күнөөлөрүн кечирүүсүн Аллахтан сура. Чынында, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

    24:62
  2. لَا تَجْعَلُوا دُعَاءَ الرَّسُولِ بَيْنَكُمْ كَدُعَاءِ بَعْضِكُمْ بَعْضًا ۚ قَدْ يَعْلَمُ اللَّهُ الَّذِينَ يَتَسَلَّلُونَ مِنْكُمْ لِوَاذًا ۚ فَلْيَحْذَرِ الَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنْ أَمْرِهِ أَنْ تُصِيبَهُمْ فِتْنَةٌ أَوْ يُصِيبَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    (Оо, ыйман келтиргендер!) Өз араңарда пайгамбарга кайрылууну бири-бириңерге кайрылган сыяктуу (жөнөкөй) кылып албагыла! Аллах силердин араңардагы байкатпай, уруксатсыз чыгып кете турган адамдарды жакшы билет. Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына балээ же жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын!

    24:63
  3. أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ قَدْ يَعْلَمُ مَا أَنْتُمْ عَلَيْهِ وَيَوْمَ يُرْجَعُونَ إِلَيْهِ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا ۗ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

    Эсиңерде болсун! Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Ал силер эмне иш үстүндө экениңерди билет. Ал эми, (пенделер) Өзүнө кайтарыла турган (Кыямат) күнү болсо, аларга (бардык) иштеринин кабарын билдирет. Аллах - бардык нерселерди Билүүчү.

    24:64
  4. تَبَارَكَ الَّذِي نَزَّلَ الْفُرْقَانَ عَلَىٰ عَبْدِهِ لِيَكُونَ لِلْعَالَمِينَ نَذِيرًا

    Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!

    25:1
  5. الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًا وَلَمْ يَكُنْ لَهُ شَرِيكٌ فِي الْمُلْكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيرًا

    Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!

    25:2

Котормо: Шамсуддин Хакимов