Катталуу, бет 358
-
وَإِذَا بَلَغَ الْأَطْفَالُ مِنْكُمُ الْحُلُمَ فَلْيَسْتَأْذِنُوا كَمَا اسْتَأْذَنَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Эгер силердин бөбөктөр эрезе жашына жетсе, алардан мурдагылар (чоңдор) сыяктуу (ар убакта) уруксат сурашсын. Аллах силерге аяттарын мына ушинтип (айкын) баяндайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.
24:59 -
وَالْقَوَاعِدُ مِنَ النِّسَاءِ اللَّاتِي لَا يَرْجُونَ نِكَاحًا فَلَيْسَ عَلَيْهِنَّ جُنَاحٌ أَنْ يَضَعْنَ ثِيَابَهُنَّ غَيْرَ مُتَبَرِّجَاتٍ بِزِينَةٍ ۖ وَأَنْ يَسْتَعْفِفْنَ خَيْرٌ لَهُنَّ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Аялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып-чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллах Угуучу, Билүүчү.
24:60 -
لَيْسَ عَلَى الْأَعْمَىٰ حَرَجٌ وَلَا عَلَى الْأَعْرَجِ حَرَجٌ وَلَا عَلَى الْمَرِيضِ حَرَجٌ وَلَا عَلَىٰ أَنْفُسِكُمْ أَنْ تَأْكُلُوا مِنْ بُيُوتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ آبَائِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أُمَّهَاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ إِخْوَانِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَخَوَاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَعْمَامِكُمْ أَوْ بُيُوتِ عَمَّاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَخْوَالِكُمْ أَوْ بُيُوتِ خَالَاتِكُمْ أَوْ مَا مَلَكْتُمْ مَفَاتِحَهُ أَوْ صَدِيقِكُمْ ۚ لَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَأْكُلُوا جَمِيعًا أَوْ أَشْتَاتًا ۚ فَإِذَا دَخَلْتُمْ بُيُوتًا فَسَلِّمُوا عَلَىٰ أَنْفُسِكُمْ تَحِيَّةً مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُبَارَكَةً طَيِّبَةً ۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
(Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, ыймандуулар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамактанууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер (мусулмандар бири-бириңерге эгерде үйдө эч ким жок болсо) өзүңөргө Аллахтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле. Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Балким акыл жүргүзөрсүңөр!
24:61
Котормо: Шамсуддин Хакимов