Катталуу, бет 318
-
فَأَخْرَجَ لَهُمْ عِجْلًا جَسَدًا لَهُ خُوَارٌ فَقَالُوا هَٰذَا إِلَٰهُكُمْ وَإِلَٰهُ مُوسَىٰ فَنَسِيَ
аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Самирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул – силердин да Мусанын да кудайы. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)».
20:88 -
أَفَلَا يَرَوْنَ أَلَّا يَرْجِعُ إِلَيْهِمْ قَوْلًا وَلَا يَمْلِكُ لَهُمْ ضَرًّا وَلَا نَفْعًا
Алар көрбөй жатышабы (музоо – «кудайы») сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын?!
20:89 -
وَلَقَدْ قَالَ لَهُمْ هَارُونُ مِنْ قَبْلُ يَا قَوْمِ إِنَّمَا فُتِنْتُمْ بِهِ ۖ وَإِنَّ رَبَّكُمُ الرَّحْمَٰنُ فَاتَّبِعُونِي وَأَطِيعُوا أَمْرِي
Ошого чейин аларга Харун: «Оо, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер – Чексиз Ырайымдуу! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде...
20:90 -
قَالُوا لَنْ نَبْرَحَ عَلَيْهِ عَاكِفِينَ حَتَّىٰ يَرْجِعَ إِلَيْنَا مُوسَىٰ
Алар айтышты: «Бизге Муса кайтып келмейинче (жана бир нерсе демейинче) буга табынууну токтотпойбуз».
20:91 -
قَالَ يَا هَارُونُ مَا مَنَعَكَ إِذْ رَأَيْتَهُمْ ضَلُّوا
(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «Оо, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту,
20:92 -
أَلَّا تَتَّبِعَنِ ۖ أَفَعَصَيْتَ أَمْرِي
мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы?!
20:93 -
قَالَ يَا ابْنَ أُمَّ لَا تَأْخُذْ بِلِحْيَتِي وَلَا بِرَأْسِي ۖ إِنِّي خَشِيتُ أَنْ تَقُولَ فَرَّقْتَ بَيْنَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَمْ تَرْقُبْ قَوْلِي
(Харун) айтты: «Оо, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исраил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум».
20:94 -
قَالَ فَمَا خَطْبُكَ يَا سَامِرِيُّ
(Анан, Муса): «Эй, Самирий, бул эмне кылганың?!» – деди.
20:95 -
قَالَ بَصُرْتُ بِمَا لَمْ يَبْصُرُوا بِهِ فَقَبَضْتُ قَبْضَةً مِنْ أَثَرِ الرَّسُولِ فَنَبَذْتُهَا وَكَذَٰلِكَ سَوَّلَتْ لِي نَفْسِي
(Анда, Самирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам. Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген» - деди.
20:96 -
قَالَ فَاذْهَبْ فَإِنَّ لَكَ فِي الْحَيَاةِ أَنْ تَقُولَ لَا مِسَاسَ ۖ وَإِنَّ لَكَ مَوْعِدًا لَنْ تُخْلَفَهُ ۖ وَانْظُرْ إِلَىٰ إِلَٰهِكَ الَّذِي ظَلْتَ عَلَيْهِ عَاكِفًا ۖ لَنُحَرِّقَنَّهُ ثُمَّ لَنَنْسِفَنَّهُ فِي الْيَمِّ نَسْفًا
(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз!
20:97 -
إِنَّمَا إِلَٰهُكُمُ اللَّهُ الَّذِي لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَسِعَ كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا
Силердин (чыныгы) кудайыңар – Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллах! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!».
20:98
Котормо: Шамсуддин Хакимов