Катталуу, бет 317
-
وَلَقَدْ أَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِي فَاضْرِبْ لَهُمْ طَرِيقًا فِي الْبَحْرِ يَبَسًا لَا تَخَافُ دَرَكًا وَلَا تَخْشَىٰ
Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фараондун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык.
20:77 -
فَأَتْبَعَهُمْ فِرْعَوْنُ بِجُنُودِهِ فَغَشِيَهُمْ مِنَ الْيَمِّ مَا غَشِيَهُمْ
Фараон аскерлери менен алардын артынан (деңиз «жолуна») түштү. Деңиз аларды ороп жутуп кетти!
20:78 -
وَأَضَلَّ فِرْعَوْنُ قَوْمَهُ وَمَا هَدَىٰ
Фараон элин адаштырган, өзү да адашкан болчу!
20:79 -
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ قَدْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ عَدُوِّكُمْ وَوَاعَدْنَاكُمْ جَانِبَ الطُّورِ الْأَيْمَنَ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَىٰ
Оо, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк жакшылыктарды камтыган Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктерди, (кармоого жеңил болгон) куштарды түшүрдүк (жана мындай дедик:)
20:80 -
كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ وَلَا تَطْغَوْا فِيهِ فَيَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبِي ۖ وَمَنْ يَحْلِلْ عَلَيْهِ غَضَبِي فَقَدْ هَوَىٰ
«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор), үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү – ошол!
20:81 -
وَإِنِّي لَغَفَّارٌ لِمَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا ثُمَّ اهْتَدَىٰ
(Бирок) Мен, тообо кылып, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, туура жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин».
20:82 -
وَمَا أَعْجَلَكَ عَنْ قَوْمِكَ يَا مُوسَىٰ
«Оо, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?».
20:83 -
قَالَ هُمْ أُولَاءِ عَلَىٰ أَثَرِي وَعَجِلْتُ إِلَيْكَ رَبِّ لِتَرْضَىٰ
(Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. Оо, Раббим, ыраазы болушуң үчүн, мен Сага шашып баратамын!»
20:84 -
قَالَ فَإِنَّا قَدْ فَتَنَّا قَوْمَكَ مِنْ بَعْدِكَ وَأَضَلَّهُمُ السَّامِرِيُّ
(Аллах) айтты: «Сен чыккандан кийин Биз коомуңа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Самирий адаштырды».
20:85 -
فَرَجَعَ مُوسَىٰ إِلَىٰ قَوْمِهِ غَضْبَانَ أَسِفًا ۚ قَالَ يَا قَوْمِ أَلَمْ يَعِدْكُمْ رَبُّكُمْ وَعْدًا حَسَنًا ۚ أَفَطَالَ عَلَيْكُمُ الْعَهْدُ أَمْ أَرَدْتُمْ أَنْ يَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبٌ مِنْ رَبِّكُمْ فَأَخْلَفْتُمْ مَوْعِدِي
Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды да: «Оо, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар!
20:86 -
قَالُوا مَا أَخْلَفْنَا مَوْعِدَكَ بِمَلْكِنَا وَلَٰكِنَّا حُمِّلْنَا أَوْزَارًا مِنْ زِينَةِ الْقَوْمِ فَقَذَفْنَاهَا فَكَذَٰلِكَ أَلْقَى السَّامِرِيُّ
Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз. Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Самирий дагы таштады (жана)
20:87
Котормо: Шамсуддин Хакимов