Катталуу, бет 303

  1. إِنَّا مَكَّنَّا لَهُ فِي الْأَرْضِ وَآتَيْنَاهُ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ سَبَبًا

    Чындыгында Биз ага жер бетинде улуу салтанат – бийлик жана ар бир нерсенин себептерин, мүмкүнчүлүктөрүн бердик.

    18:84
  2. فَأَتْبَعَ سَبَبًا

    Анан ал (аскери менен) бир себеп артынан түшүп, жол тартты.

    18:85
  3. حَتَّىٰ إِذَا بَلَغَ مَغْرِبَ الشَّمْسِ وَجَدَهَا تَغْرُبُ فِي عَيْنٍ حَمِئَةٍ وَوَجَدَ عِنْدَهَا قَوْمًا ۗ قُلْنَا يَا ذَا الْقَرْنَيْنِ إِمَّا أَنْ تُعَذِّبَ وَإِمَّا أَنْ تَتَّخِذَ فِيهِمْ حُسْنًا

    Күн батыш тарапка жеткенде, күндүн кара баткактуу булак артына батып баратканын көрдү. Ал баткактын жанында бир элге жолукту. Биз: «Оо, Зулкарнайн, сен бул элди же азаптайсың же аларга жакшы мамиле жасайсың», – дедик.

    18:86
  4. قَالَ أَمَّا مَنْ ظَلَمَ فَسَوْفَ نُعَذِّبُهُ ثُمَّ يُرَدُّ إِلَىٰ رَبِّهِ فَيُعَذِّبُهُ عَذَابًا نُكْرًا

    «Залимдерин дароо эле жазалайбыз, кийин Раббилерине кайтарылганда Өзү оор азап менен жазалайт» - деди.

    18:87
  5. وَأَمَّا مَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَلَهُ جَزَاءً الْحُسْنَىٰ ۖ وَسَنَقُولُ لَهُ مِنْ أَمْرِنَا يُسْرًا

    Ал эми, ыйман келтирип, салих-жакшы иш жасаган адамга болсо, жакшы сыйлык (бейиш) бар. Биз дагы ага өз амирибизден жакшы сөздөрдү айтабыз».

    18:88
  6. ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا

    Кийин (Чыгышка кайтып келип, Аллах көргөзгөн) себептерди ээрчиди.

    18:89
  7. حَتَّىٰ إِذَا بَلَغَ مَطْلِعَ الشَّمْسِ وَجَدَهَا تَطْلُعُ عَلَىٰ قَوْمٍ لَمْ نَجْعَلْ لَهُمْ مِنْ دُونِهَا سِتْرًا

    Ушул бойдон Күн чыгышка жетти да, бир элдин үстүнөн күн нурун чачып турганын көрдү. Биз бул элге Күндөн бөлөк «чүмбөт» кылган эмес элек.

    18:90
  8. كَذَٰلِكَ وَقَدْ أَحَطْنَا بِمَا لَدَيْهِ خُبْرًا

    Ошондой эле Биз аны (Зулкарнайнды) алдындагы бардык өнөр-билими менен кошуп ороп алганбыз.

    18:91
  9. ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا

    Кийин дагы бир себептин артынан түштү.

    18:92
  10. حَتَّىٰ إِذَا بَلَغَ بَيْنَ السَّدَّيْنِ وَجَدَ مِنْ دُونِهِمَا قَوْمًا لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ قَوْلًا

    Качан тээ (алыстагы) эки тоонун ортосуна жеткенде, ал эки тоонун алдында таптакыр сөз түшүнбөгөн элге жолукту.

    18:93
  11. قَالُوا يَا ذَا الْقَرْنَيْنِ إِنَّ يَأْجُوجَ وَمَأْجُوجَ مُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ فَهَلْ نَجْعَلُ لَكَ خَرْجًا عَلَىٰ أَنْ تَجْعَلَ بَيْنَنَا وَبَيْنَهُمْ سَدًّا

    Алар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! (Мына бул тоонун ары жагындагы) Яжуж-Мажуж (эли) жер бетинде бузукулук (зулумдук) кылууда. (Эмне дейсиң,) биз менен алардын ортосуна (бекем бир) тосмо-дубал жасап берүүң үчүн сага акы чогултуп берсек болобу?».

    18:94
  12. قَالَ مَا مَكَّنِّي فِيهِ رَبِّي خَيْرٌ فَأَعِينُونِي بِقُوَّةٍ أَجْعَلْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ رَدْمًا

    (Зулкарнайн) айтты: «Раббим мага берген нерсе (бийлик, илим, өнөр силер берген нерседен) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин.

    18:95
  13. آتُونِي زُبَرَ الْحَدِيدِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا سَاوَىٰ بَيْنَ الصَّدَفَيْنِ قَالَ انْفُخُوا ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَعَلَهُ نَارًا قَالَ آتُونِي أُفْرِغْ عَلَيْهِ قِطْرًا

    (Оболу) эки тоо менен барабар болгонго чейин темир сыныктарын алып келгиле» (Зулкарнайн эки бийик тоонун арасына тосмо жасоо үчүн оболу алардын арасын темир сыныктары менен толтуртту. Бул иш бүткөндө, улуу от жактырып…) «(Үйлөгүч аспап менен) үйлөгүлө» - деди. Качан ал (темир тосмо кып-кызыл) от болуп калганда айтты: «Эритилген мис алып келгиле, үстүнө куямын».

    18:96
  14. فَمَا اسْطَاعُوا أَنْ يَظْهَرُوهُ وَمَا اسْتَطَاعُوا لَهُ نَقْبًا

    Анан «Эми, алар бул тосмонун үстүнө чыга да албайт, аны теше да алышпайт» - деди.

    18:97

Котормо: Шамсуддин Хакимов