Катталуу, бет 302

  1. قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكَ إِنَّكَ لَنْ تَسْتَطِيعَ مَعِيَ صَبْرًا

    (Кызыр кайрадан): «Мени менен бирге жүрүүгө сабырың жетпейт деп», — мен сага айтпадым беле деди.

    18:75
  2. قَالَ إِنْ سَأَلْتُكَ عَنْ شَيْءٍ بَعْدَهَا فَلَا تُصَاحِبْنِي ۖ قَدْ بَلَغْتَ مِنْ لَدُنِّي عُذْرًا

    (Муса) айтты: «Мындан кийин эмне жөнүндө сурасам да мени шерик кылбайсыз. Мени жетиштүү эле кечирдиңиз (деп ойлоймун)».

    18:76
  3. فَانْطَلَقَا حَتَّىٰ إِذَا أَتَيَا أَهْلَ قَرْيَةٍ اسْتَطْعَمَا أَهْلَهَا فَأَبَوْا أَنْ يُضَيِّفُوهُمَا فَوَجَدَا فِيهَا جِدَارًا يُرِيدُ أَنْ يَنْقَضَّ فَأَقَامَهُ ۖ قَالَ لَوْ شِئْتَ لَاتَّخَذْتَ عَلَيْهِ أَجْرًا

    Дагы жолун улантышты. Бир шаар элине жеткиче басышты. Алардан тамак-аш сурашты эле, экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан ошол жерден урап калган бир дубалды тапканда (Кызыр) аны (кайра) тикелеп койду. (Муса болсо, өздөрүнө урмат-сый көргөзбөгөн элдин шаарындагы эски дубалды оңдоп, жакшылык кылган Кызырга түшүнбөй): «Эгер кааласаңыз бул ишиңизге (эмгек) акы алсаңыз болмок» деди.

    18:77
  4. قَالَ هَٰذَا فِرَاقُ بَيْنِي وَبَيْنِكَ ۚ سَأُنَبِّئُكَ بِتَأْوِيلِ مَا لَمْ تَسْتَطِعْ عَلَيْهِ صَبْرًا

    (Кызыр) айтты: «Бул сен экөөбүздүн ортобуздагы ажырашуу! Эми, сага сен сабыр кыла албаган нерселерден кабарын берейин:

    18:78
  5. أَمَّا السَّفِينَةُ فَكَانَتْ لِمَسَاكِينَ يَعْمَلُونَ فِي الْبَحْرِ فَأَرَدْتُ أَنْ أَعِيبَهَا وَكَانَ وَرَاءَهُمْ مَلِكٌ يَأْخُذُ كُلَّ سَفِينَةٍ غَصْبًا

    Кеме (тууралуу айтсам), ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу. Мен аны тешип коюуну чечтим. Себеби алардын кайткан жолунда бардык кемелерди басып алуучу (каракчы) падыша бар эле.

    18:79
  6. وَأَمَّا الْغُلَامُ فَكَانَ أَبَوَاهُ مُؤْمِنَيْنِ فَخَشِينَا أَنْ يُرْهِقَهُمَا طُغْيَانًا وَكُفْرًا

    Жана(гы) наристе жөнүндө айтсак, анын ата-энеси ыймандуу пенделер эле. Биз (ал бала чоңойгондо каапыр болуп) ата-энесине (адам чыдагыс) каршылык жана каапырлык көргөзүүсүнөн корктук.

    18:80
  7. فَأَرَدْنَا أَنْ يُبْدِلَهُمَا رَبُّهُمَا خَيْرًا مِنْهُ زَكَاةً وَأَقْرَبَ رُحْمًا

    Анан Раббилери ал экөөсүнө тазараак, ырайымдуураак (перзентти) алмаштырып беришин кааладык.

    18:81
  8. وَأَمَّا الْجِدَارُ فَكَانَ لِغُلَامَيْنِ يَتِيمَيْنِ فِي الْمَدِينَةِ وَكَانَ تَحْتَهُ كَنْزٌ لَهُمَا وَكَانَ أَبُوهُمَا صَالِحًا فَأَرَادَ رَبُّكَ أَنْ يَبْلُغَا أَشُدَّهُمَا وَيَسْتَخْرِجَا كَنْزَهُمَا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۚ وَمَا فَعَلْتُهُ عَنْ أَمْرِي ۚ ذَٰلِكَ تَأْوِيلُ مَا لَمْ تَسْطِعْ عَلَيْهِ صَبْرًا

    Ал эми дубал шаардагы эки жетим баланыкы болуп, түбүндө экөөнө арналган (мурас) казына бар эле. Алардын атасы жакшы адам болгон. Анан Раббиң эки (жетим) бой жетип, өз казыналарын өздөрү чыгарып алуусун каалады. (Бул кайып илимдери) Раббиң тарабынан болгон Ырайым. Мен буларды өзүмчө аткарганым жок. Сен чыдап, сабыр кыла албаган окуялардын жандырмагы мына ушундай».

    18:82
  9. وَيَسْأَلُونَكَ عَنْ ذِي الْقَرْنَيْنِ ۖ قُلْ سَأَتْلُو عَلَيْكُمْ مِنْهُ ذِكْرًا

    (Оо, Мухаммад! Яхудилер жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллах мага вахий кылган) кабарды окуп беремин:

    18:83

Котормо: Шамсуддин Хакимов