Катталуу, бет 3

  1. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَأَنْذَرْتَهُمْ أَمْ لَمْ تُنْذِرْهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Чынында, сен каапырларды (тозоктон) эскертесиңби же эскертпейсиңби баары бир, ыйман келтиришпейт.

    2:6
  2. خَتَمَ اللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَعَلَىٰ سَمْعِهِمْ ۖ وَعَلَىٰ أَبْصَارِهِمْ غِشَاوَةٌ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    Аллах алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон жана (Акыретте) алар үчүн чоң азап бар.

    2:7
  3. وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ

    Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Бирок, алар ыймандуу эмес.

    2:8
  4. يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

    Аллахты жана ыймандууларды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жатканын сезишпейт.

    2:9
  5. فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمُ اللَّهُ مَرَضًا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ

    Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах оорууларын дагы күчөтүп, көбөйттү. Ошондой эле жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар.

    2:10
  6. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ

    Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла» - деп айтылчу болсо, «Биз болгону - оңдоочуларбыз» - дешет.

    2:11
  7. أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَٰكِنْ لَا يَشْعُرُونَ

    Чындыгында, алар - анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт.

    2:12
  8. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ ۗ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ السُّفَهَاءُ وَلَٰكِنْ لَا يَعْلَمُونَ

    Дагы аларга «Адамдар ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле» - деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» - дешет. Чындыгында, өздөрү анык акылсыз! Бирок, (муну) билишпейт.

    2:13
  9. وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَىٰ شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ

    Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик» - дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Чынында, биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз» - дешет.

    2:14
  10. اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ

    Аллах аларды шылдыңдайт жана сокур болушуп (акыйкатты көрбөй), адашууларында жүрүүлөрүн узартат.

    2:15
  11. أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَىٰ فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ

    Алар - туура жолдун ордуна адашууну сатып алышкан. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана туура жолго түшүшпөдү.

    2:16

Котормо: Шамсуддин Хакимов