Катталуу, бет 2

  1. الم

    Алиф, Лам, Мим.

    2:1
  2. ذَٰلِكَ الْكِتَابُ لَا رَيْبَ ۛ فِيهِ ۛ هُدًى لِلْمُتَّقِينَ

    Бул китепте эч күмөн жок. (Ал) такыбалар үчүн туура жол.

    2:2
  3. الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ

    Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден сарпташат.

    2:3
  4. وَالَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ وَبِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

    Дагы алар, (о, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Куран-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөнгө (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык (эч бир шектенбестен) ишенишет.

    2:4
  5. أُولَٰئِكَ عَلَىٰ هُدًى مِنْ رَبِّهِمْ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

    Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) туура жолдо жана ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр.

    2:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов