Катталуу, бет 285
-
وَإِمَّا تُعْرِضَنَّ عَنْهُمُ ابْتِغَاءَ رَحْمَةٍ مِنْ رَبِّكَ تَرْجُوهَا فَقُلْ لَهُمْ قَوْلًا مَيْسُورًا
Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын.
17:28 -
وَلَا تَجْعَلْ يَدَكَ مَغْلُولَةً إِلَىٰ عُنُقِكَ وَلَا تَبْسُطْهَا كُلَّ الْبَسْطِ فَتَقْعُدَ مَلُومًا مَحْسُورًا
(Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың.
17:29 -
إِنَّ رَبَّكَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِعِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا
Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделеринин (абалынан) Кабардар, Көрүүчү.
17:30 -
وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَاقٍ ۖ نَحْنُ نَرْزُقُهُمْ وَإِيَّاكُمْ ۚ إِنَّ قَتْلَهُمْ كَانَ خِطْئًا كَبِيرًا
(О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө!
17:31 -
وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنَا ۖ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَسَاءَ سَبِيلًا
Зынага жакындабагыла! Ал - бузукулук жана эң жаман жол!
17:32 -
وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ ۗ وَمَنْ قُتِلَ مَظْلُومًا فَقَدْ جَعَلْنَا لِوَلِيِّهِ سُلْطَانًا فَلَا يُسْرِفْ فِي الْقَتْلِ ۖ إِنَّهُ كَانَ مَنْصُورًا
Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.
17:33 -
وَلَا تَقْرَبُوا مَالَ الْيَتِيمِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ حَتَّىٰ يَبْلُغَ أَشُدَّهُ ۚ وَأَوْفُوا بِالْعَهْدِ ۖ إِنَّ الْعَهْدَ كَانَ مَسْئُولًا
Эрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе.
17:34 -
وَأَوْفُوا الْكَيْلَ إِذَا كِلْتُمْ وَزِنُوا بِالْقِسْطَاسِ الْمُسْتَقِيمِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
Өлчөгөндө (тартканда) өлчөөнү толук кылгыла! Жана туура тараза менен тарткыла! Ушул жакшы жана эң мыкты чечим.
17:35 -
وَلَا تَقْفُ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ ۚ إِنَّ السَّمْعَ وَالْبَصَرَ وَالْفُؤَادَ كُلُّ أُولَٰئِكَ كَانَ عَنْهُ مَسْئُولًا
Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер.
17:36 -
وَلَا تَمْشِ فِي الْأَرْضِ مَرَحًا ۖ إِنَّكَ لَنْ تَخْرِقَ الْأَرْضَ وَلَنْ تَبْلُغَ الْجِبَالَ طُولًا
Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!
17:37 -
كُلُّ ذَٰلِكَ كَانَ سَيِّئُهُ عِنْدَ رَبِّكَ مَكْرُوهًا
Ушулардып баары Раббиңдин алдында макүрөө саналган жаман кулк-мүнөздөр.
17:38
Котормо: Шамсуддин Хакимов