Катталуу, бет 284

  1. مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعَاجِلَةَ عَجَّلْنَا لَهُ فِيهَا مَا نَشَاءُ لِمَنْ نُرِيدُ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُ جَهَنَّمَ يَصْلَاهَا مَذْمُومًا مَدْحُورًا

    Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз.

    17:18
  2. وَمَنْ أَرَادَ الْآخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعْيَهَا وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ كَانَ سَعْيُهُمْ مَشْكُورًا

    Ал эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган.

    17:19
  3. كُلًّا نُمِدُّ هَٰؤُلَاءِ وَهَٰؤُلَاءِ مِنْ عَطَاءِ رَبِّكَ ۚ وَمَا كَانَ عَطَاءُ رَبِّكَ مَحْظُورًا

    (Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле жакшылыктарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин жакшылыгы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес.

    17:20
  4. انْظُرْ كَيْفَ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ وَلَلْآخِرَةُ أَكْبَرُ دَرَجَاتٍ وَأَكْبَرُ تَفْضِيلًا

    Карачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак.

    17:21
  5. لَا تَجْعَلْ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ فَتَقْعُدَ مَذْمُومًا مَخْذُولًا

    Сен (эч качан) Аллахка дагы бир «кудайды» кошпогун! Анткенде, жек көрүндү болуп, (сооптордон) куржалак олтуруп каласың.

    17:22
  6. وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا ۚ إِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ أَحَدُهُمَا أَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُلْ لَهُمَا أُفٍّ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلًا كَرِيمًا

    «Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».

    17:23
  7. وَاخْفِضْ لَهُمَا جَنَاحَ الذُّلِّ مِنَ الرَّحْمَةِ وَقُلْ رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا

    Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»

    17:24
  8. رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمْ ۚ إِنْ تَكُونُوا صَالِحِينَ فَإِنَّهُ كَانَ لِلْأَوَّابِينَ غَفُورًا

    Силердин ичиңердеги нерсени Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү.

    17:25
  9. وَآتِ ذَا الْقُرْبَىٰ حَقَّهُ وَالْمِسْكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ وَلَا تُبَذِّرْ تَبْذِيرًا

    Тууган-уруктарга, мискин-кедейлерге жана мусапырларга (адамдык акы-укугун жана урмат, жардам) бергиниң. Бирок, ысырапкор-чачуучу болбогун!

    17:26
  10. إِنَّ الْمُبَذِّرِينَ كَانُوا إِخْوَانَ الشَّيَاطِينِ ۖ وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِرَبِّهِ كَفُورًا

    Аныгында, ысырапкорлор – шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр!

    17:27

Котормо: Шамсуддин Хакимов