Катталуу, бет 278

  1. وَلَا تَتَّخِذُوا أَيْمَانَكُمْ دَخَلًا بَيْنَكُمْ فَتَزِلَّ قَدَمٌ بَعْدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُوا السُّوءَ بِمَا صَدَدْتُمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۖ وَلَكُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    Антыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллахтын жолунан адаштырганыңар себептүү азап чегип каласыңар! Кыяматта да чоң азапка кабыласыңар!

    16:94
  2. وَلَا تَشْتَرُوا بِعَهْدِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۚ إِنَّمَا عِنْدَ اللَّهِ هُوَ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

    Аллахтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллахтын алдындагы сооп жакшы.

    16:95
  3. مَا عِنْدَكُمْ يَنْفَدُ ۖ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ بَاقٍ ۗ وَلَنَجْزِيَنَّ الَّذِينَ صَبَرُوا أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Силердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллахтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз.

    16:96
  4. مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».

    16:97
  5. فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ

    Качан сен Куран окусаң (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллахка сыйын!

    16:98
  6. إِنَّهُ لَيْسَ لَهُ سُلْطَانٌ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

    Албетте, (Аллахка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт.

    16:99
  7. إِنَّمَا سُلْطَانُهُ عَلَى الَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُ وَالَّذِينَ هُمْ بِهِ مُشْرِكُونَ

    Анын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос жетекчи кылып алгандарга өтөт.

    16:100
  8. وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ ۙ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مُفْتَرٍ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    (О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак - Өзү түшүргөн нерсесин Аллах Өзү Билүүчү - алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт.

    16:101
  9. قُلْ نَزَّلَهُ رُوحُ الْقُدُسِ مِنْ رَبِّكَ بِالْحَقِّ لِيُثَبِّتَ الَّذِينَ آمَنُوا وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

    Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, туура жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн.

    16:102

Котормо: Шамсуддин Хакимов