Катталуу, бет 277

  1. الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ زِدْنَاهُمْ عَذَابًا فَوْقَ الْعَذَابِ بِمَا كَانُوا يُفْسِدُونَ

    (Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү.

    16:88
  2. وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا عَلَيْهِمْ مِنْ أَنْفُسِهِمْ ۖ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

    «Биз (силерди) кайрадан тирилткен күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад,) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк».

    16:89
  3. إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَىٰ وَيَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ ۚ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

    Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!»

    16:90
  4. وَأَوْفُوا بِعَهْدِ اللَّهِ إِذَا عَاهَدْتُمْ وَلَا تَنْقُضُوا الْأَيْمَانَ بَعْدَ تَوْكِيدِهَا وَقَدْ جَعَلْتُمُ اللَّهَ عَلَيْكُمْ كَفِيلًا ۚ إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ

    Убада бергениңерде Аллахтын убадасын аткаргыла! Бекемдегениңерден кийин антыңарды бузбагыла! (Анткени,) Силер (Аллахты ортого коюп ант ичкениңерде) Аллахты кепил кылгансыңар. Албетте, Аллах эмне кылганыңарды билип турат.

    16:91
  5. وَلَا تَكُونُوا كَالَّتِي نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ أَنْكَاثًا تَتَّخِذُونَ أَيْمَانَكُمْ دَخَلًا بَيْنَكُمْ أَنْ تَكُونَ أُمَّةٌ هِيَ أَرْبَىٰ مِنْ أُمَّةٍ ۚ إِنَّمَا يَبْلُوكُمُ اللَّهُ بِهِ ۚ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

    Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула: бир эл башка бир (силер убадалашкан) элден пайдалуураак болсо эле, өз ара антташкан убадаңарды алдоо куралы кылып аласыңар! Аллах бул (убада) менен силерди сынап жатат жана Кыямат күнү силерге, келише албай калган нерсеңердин анык баянын билдирет.

    16:92
  6. وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَٰكِنْ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۚ وَلَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Эгер Аллах кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар.

    16:93

Котормо: Шамсуддин Хакимов