Катталуу, бет 274

  1. وَاللَّهُ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

    Аллах асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди - өлгөнүнөн соң - тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар.

    16:65
  2. وَإِنَّ لَكُمْ فِي الْأَنْعَامِ لَعِبْرَةً ۖ نُسْقِيكُمْ مِمَّا فِي بُطُونِهِ مِنْ بَيْنِ فَرْثٍ وَدَمٍ لَبَنًا خَالِصًا سَائِغًا لِلشَّارِبِينَ

    Чынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз.

    16:66
  3. وَمِنْ ثَمَرَاتِ النَّخِيلِ وَالْأَعْنَابِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًا وَرِزْقًا حَسَنًا ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

    Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар.

    16:67
  4. وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى النَّحْلِ أَنِ اتَّخِذِي مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا وَمِنَ الشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ

    (О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) вахий-илхам кылды: “Уяларыңды тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган үйлөргө кургун!

    16:68
  5. ثُمَّ كُلِي مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ فَاسْلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا ۚ يَخْرُجُ مِنْ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ فِيهِ شِفَاءٌ لِلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

    Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учун) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар.

    16:69
  6. وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّاكُمْ ۚ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ قَدِيرٌ

    (О, инсандар), силерди Аллах жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллах - Билүүчү, Кудуреттүү.

    16:70
  7. وَاللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ فِي الرِّزْقِ ۚ فَمَا الَّذِينَ فُضِّلُوا بِرَادِّي رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَاءٌ ۚ أَفَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ

    Аллах бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менөн) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллахтын нээматын четке кагып жатышабы?!

    16:71
  8. وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ ۚ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ

    Аллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?!

    16:72

Котормо: Шамсуддин Хакимов