Сүрө 16 Нахл
-
وَلَوْ يُؤَاخِذُ اللَّهُ النَّاسَ بِظُلْمِهِمْ مَا تَرَكَ عَلَيْهَا مِنْ دَابَّةٍ وَلَٰكِنْ يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۖ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ
Эгер Аллах (бул дүйнөдө) адамдарга каапырчылыгына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес!* Бирок, Аллах аларды(н азапталуусун) белгилүү убакытка (Кыяматка) чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары (ажалы) жеткенде, аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт.
16:61 -
وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكْرَهُونَ وَتَصِفُ أَلْسِنَتُهُمُ الْكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ الْحُسْنَىٰ ۖ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ النَّارَ وَأَنَّهُمْ مُفْرَطُونَ
Алар өздөрү жактырбаганды (кыз перзентти) Аллахка таңуулашат. Тилдери болсо, аларга жакшылык (бул дүйнөдө бакыт, Акыретте бейиш) болушу жөнүндө жалганды сүйлөйт. (Бирок,) эч шексиз, аларга тозок бар жана ага эң абалкылардан болуп киришет.
16:62 -
تَاللَّهِ لَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَىٰ أُمَمٍ مِنْ قَبْلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ الْيَوْمَ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Аллахка ант, (о, Мухаммад), Биз сенден мурунку эл-үммөттөргө да пайгамбар жибергенбиз. Бирок, кийин шайтан аларга (ширк) иштерин кооз көргөзүп, ошол күндөгү (дүйнөдөгү) башчылары болуп алган. Аларга кыйноочу азап бар.
16:63 -
وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ الَّذِي اخْتَلَفُوا فِيهِ ۙ وَهُدًى وَرَحْمَةً لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Биз сага, алар талашып калган маселелерди анык баяндап беришиң үчүн жана ыймандуу адамдарга Туура Жол, Ырайым болуш үчүн Китепти (Куранды) түшүрдүк.
16:64 -
وَاللَّهُ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ
Аллах асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди - өлгөнүнөн соң - тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар.
16:65 -
وَإِنَّ لَكُمْ فِي الْأَنْعَامِ لَعِبْرَةً ۖ نُسْقِيكُمْ مِمَّا فِي بُطُونِهِ مِنْ بَيْنِ فَرْثٍ وَدَمٍ لَبَنًا خَالِصًا سَائِغًا لِلشَّارِبِينَ
Чынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз.
16:66 -
وَمِنْ ثَمَرَاتِ النَّخِيلِ وَالْأَعْنَابِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًا وَرِزْقًا حَسَنًا ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар.
16:67 -
وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى النَّحْلِ أَنِ اتَّخِذِي مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا وَمِنَ الشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ
(О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) вахий-илхам кылды: “Уяларыңды тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган үйлөргө кургун!
16:68 -
ثُمَّ كُلِي مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ فَاسْلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا ۚ يَخْرُجُ مِنْ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ فِيهِ شِفَاءٌ لِلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учун) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар.
16:69 -
وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّاكُمْ ۚ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ قَدِيرٌ
(О, инсандар), силерди Аллах жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллах - Билүүчү, Кудуреттүү.
16:70 -
وَاللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ فِي الرِّزْقِ ۚ فَمَا الَّذِينَ فُضِّلُوا بِرَادِّي رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَاءٌ ۚ أَفَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Аллах бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менөн) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллахтын нээматын четке кагып жатышабы?!
16:71 -
وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ ۚ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ
Аллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?!
16:72 -
وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَهُمْ رِزْقًا مِنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ شَيْئًا وَلَا يَسْتَطِيعُونَ
Жана алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандар менен жерден эч кандай ырыскы өндүрүп бере албай турган, колунан эч нерсе келбей турган нерселерге ибадат кылышат.
16:73 -
فَلَا تَضْرِبُوا لِلَّهِ الْأَمْثَالَ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Аллахка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллах билет, силер билбейсиңер!
16:74 -
ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا عَبْدًا مَمْلُوكًا لَا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَيْءٍ وَمَنْ رَزَقْنَاهُ مِنَّا رِزْقًا حَسَنًا فَهُوَ يُنْفِقُ مِنْهُ سِرًّا وَجَهْرًا ۖ هَلْ يَسْتَوُونَ ۚ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Аллах (“Аллахка эч нерсени окшотпогула!” деген сөзүнө) мисал келтирет: Эч нерсеге эгедер болбогон бир кул жана Биз көп ырыскы берген (бай) адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушул экөө окшош болобу? Аллахка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт!
16:75 -
وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا رَجُلَيْنِ أَحَدُهُمَا أَبْكَمُ لَا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَيْءٍ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوْلَاهُ أَيْنَمَا يُوَجِّهْهُ لَا يَأْتِ بِخَيْرٍ ۖ هَلْ يَسْتَوِي هُوَ وَمَنْ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ ۙ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Аллах (дагы) эки адамды мисал келтирет: бирөөсү тап-такыр дүлөй: эч нерсеге ээ эмес. (Жадагалса, өзүнө-өзү да ээ эмес) бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. (Ушундай жаман кул). Эми, ушул киши менен туура жолдо жүрүп, адилетке буюрган (демек, көзү, кулагы бар, акылы бүтүн жана бай) адам тең болобу?
16:76 -
وَلِلَّهِ غَيْبُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَمَا أَمْرُ السَّاعَةِ إِلَّا كَلَمْحِ الْبَصَرِ أَوْ هُوَ أَقْرَبُ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Асмандар жана жердин кайып нерселери(нин билими) Аллахтын гана алдында. Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан да тезирээк. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
16:77 -
وَاللَّهُ أَخْرَجَكُمْ مِنْ بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْئًا وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۙ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Аллах силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?!
16:78 -
أَلَمْ يَرَوْا إِلَى الطَّيْرِ مُسَخَّرَاتٍ فِي جَوِّ السَّمَاءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا اللَّهُ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Асман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллахтан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар!
16:79 -
وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ بُيُوتِكُمْ سَكَنًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ جُلُودِ الْأَنْعَامِ بُيُوتًا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ ۙ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَا أَثَاثًا وَمَتَاعًا إِلَىٰ حِينٍ
Аллах силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты).
16:80
Котормо: Шамсуддин Хакимов