Катталуу, бет 254
-
مَثَلُ الْجَنَّةِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ ۖ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ أُكُلُهَا دَائِمٌ وَظِلُّهَا ۚ تِلْكَ عُقْبَى الَّذِينَ اتَّقَوْا ۖ وَعُقْبَى الْكَافِرِينَ النَّارُ
Такыба кишилерге убада кылынган бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери - тозок.
13:35 -
وَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَفْرَحُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ ۖ وَمِنَ الْأَحْزَابِ مَنْ يُنْكِرُ بَعْضَهُ ۚ قُلْ إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ وَلَا أُشْرِكَ بِهِ ۚ إِلَيْهِ أَدْعُو وَإِلَيْهِ مَآبِ
Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) себептүү сүйүнүшөт. Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Курандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллахка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын!
13:36 -
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ حُكْمًا عَرَبِيًّا ۚ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَمَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا وَاقٍ
Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллах тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт!
13:37 -
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَاجًا وَذُرِّيَّةً ۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَنْ يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ لِكُلِّ أَجَلٍ كِتَابٌ
Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз. Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллахтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүп жазылган (убактысы) бар.
13:38 -
يَمْحُو اللَّهُ مَا يَشَاءُ وَيُثْبِتُ ۖ وَعِنْدَهُ أُمُّ الْكِتَابِ
Аллах (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында.
13:39 -
وَإِنْ مَا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَعَلَيْنَا الْحِسَابُ
(О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң - жеткирүү. Биздин милдетибиз - эсептешүү.
13:40 -
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا نَأْتِي الْأَرْضَ نَنْقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَا ۚ وَاللَّهُ يَحْكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكْمِهِ ۚ وَهُوَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
(Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллах (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү!
13:41 -
وَقَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلِلَّهِ الْمَكْرُ جَمِيعًا ۖ يَعْلَمُ مَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ ۗ وَسَيَعْلَمُ الْكُفَّارُ لِمَنْ عُقْبَى الدَّارِ
Алардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллахтын колунда. Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат!
13:42
Котормо: Шамсуддин Хакимов