Сүрө 13 Раад
-
وَالَّذِينَ يَصِلُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ وَيَخَافُونَ سُوءَ الْحِسَابِ
Жана алар (акылын иштеткендер) Аллах улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат.
13:21 -
وَالَّذِينَ صَبَرُوا ابْتِغَاءَ وَجْهِ رَبِّهِمْ وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً وَيَدْرَءُونَ بِالْحَسَنَةِ السَّيِّئَةَ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عُقْبَى الدَّارِ
Жана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат, Биз ырыскы кылып берген нерселерден билдирип же билдирбей - садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа.
13:22 -
جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا وَمَنْ صَلَحَ مِنْ آبَائِهِمْ وَأَزْوَاجِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَدْخُلُونَ عَلَيْهِمْ مِنْ كُلِّ بَابٍ
«Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет. (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип:
13:23 -
سَلَامٌ عَلَيْكُمْ بِمَا صَبَرْتُمْ ۚ فَنِعْمَ عُقْبَى الدَّارِ
«Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллахтын саламы болсун! Акырет Үйү (Бейиш) кандай жакшы!» - дешет.
13:24 -
وَالَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ ۙ أُولَٰئِكَ لَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ
Ал эми, (Аллах менен) убадалашкандан кийин Аллахтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллах буюруган тууганчылык байланышты үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга каргыш болсун! Жана аларга жаман орун - (тозок) болсун!
13:25 -
اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ وَفَرِحُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا مَتَاعٌ
Аллах Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллах кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менеи сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес!
13:26 -
وَيَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ ۗ قُلْ إِنَّ اللَّهَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي إِلَيْهِ مَنْ أَنَابَ
Каапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) керемет келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллах каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот.
13:27 -
الَّذِينَ آمَنُوا وَتَطْمَئِنُّ قُلُوبُهُمْ بِذِكْرِ اللَّهِ ۗ أَلَا بِذِكْرِ اللَّهِ تَطْمَئِنُّ الْقُلُوبُ
Алар – ыймандуулар жана Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат!
13:28 -
الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ طُوبَىٰ لَهُمْ وَحُسْنُ مَآبٍ
(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амал кылган адамдарга «Тууба» жана сулуу-сонун орундар бар.
13:29 -
كَذَٰلِكَ أَرْسَلْنَاكَ فِي أُمَّةٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهَا أُمَمٌ لِتَتْلُوَ عَلَيْهِمُ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ وَهُمْ يَكْفُرُونَ بِالرَّحْمَٰنِ ۚ قُلْ هُوَ رَبِّي لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ مَتَابِ
Мына ошентип, (оо, Мухаммад) Биз сени мурунку үммөттөрдүн артынан келген (акыркы) үммөткө, Рахманга (Аллахка) каапыр болуп турган кездеринде, аларга Биз аян кылган нерсени (Куранды) окуп берүүң үчүн пайгамбар кылын жибердик. Айткын: «Ал менин Раббим! Эч бир ибадатка татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар! Мен (бардык иштеримде) Анын Өзүнө жөлөнүп, (бардык муктаждыктарымда) Өзүнө гана кайрыламын!
13:30 -
وَلَوْ أَنَّ قُرْآنًا سُيِّرَتْ بِهِ الْجِبَالُ أَوْ قُطِّعَتْ بِهِ الْأَرْضُ أَوْ كُلِّمَ بِهِ الْمَوْتَىٰ ۗ بَلْ لِلَّهِ الْأَمْرُ جَمِيعًا ۗ أَفَلَمْ يَيْأَسِ الَّذِينَ آمَنُوا أَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَهَدَى النَّاسَ جَمِيعًا ۗ وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا تُصِيبُهُمْ بِمَا صَنَعُوا قَارِعَةٌ أَوْ تَحُلُّ قَرِيبًا مِنْ دَارِهِمْ حَتَّىٰ يَأْتِيَ وَعْدُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ
Эгер ушул (Куран) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллах таала пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган кереметтерди жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллахтын колунда. Эгер Аллах кааласа, адамдардын бардыгын туура жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллахтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллах убадасына кыянат кылбайт.
13:31 -
وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَمْلَيْتُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ عِقَابِ
Сенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) азаптап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап!
13:32 -
أَفَمَنْ هُوَ قَائِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ ۗ وَجَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ قُلْ سَمُّوهُمْ ۚ أَمْ تُنَبِّئُونَهُ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي الْأَرْضِ أَمْ بِظَاهِرٍ مِنَ الْقَوْلِ ۗ بَلْ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا مَكْرُهُمْ وَصُدُّوا عَنِ السَّبِيلِ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Ар бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздолуп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосулуп коюлду! Аллах кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт!
13:33 -
لَهُمْ عَذَابٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَشَقُّ ۖ وَمَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَاقٍ
Аларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт.
13:34 -
مَثَلُ الْجَنَّةِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ ۖ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ أُكُلُهَا دَائِمٌ وَظِلُّهَا ۚ تِلْكَ عُقْبَى الَّذِينَ اتَّقَوْا ۖ وَعُقْبَى الْكَافِرِينَ النَّارُ
Такыба кишилерге убада кылынган бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери - тозок.
13:35 -
وَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَفْرَحُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ ۖ وَمِنَ الْأَحْزَابِ مَنْ يُنْكِرُ بَعْضَهُ ۚ قُلْ إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ وَلَا أُشْرِكَ بِهِ ۚ إِلَيْهِ أَدْعُو وَإِلَيْهِ مَآبِ
Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) себептүү сүйүнүшөт. Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Курандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллахка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын!
13:36 -
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ حُكْمًا عَرَبِيًّا ۚ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَمَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا وَاقٍ
Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллах тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт!
13:37 -
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَاجًا وَذُرِّيَّةً ۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَنْ يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ لِكُلِّ أَجَلٍ كِتَابٌ
Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз. Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллахтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүп жазылган (убактысы) бар.
13:38 -
يَمْحُو اللَّهُ مَا يَشَاءُ وَيُثْبِتُ ۖ وَعِنْدَهُ أُمُّ الْكِتَابِ
Аллах (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында.
13:39 -
وَإِنْ مَا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَعَلَيْنَا الْحِسَابُ
(О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң - жеткирүү. Биздин милдетибиз - эсептешүү.
13:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов