Катталуу, бет 235
-
وَلَوْ شَاءَ رَبُّكَ لَجَعَلَ النَّاسَ أُمَّةً وَاحِدَةً ۖ وَلَا يَزَالُونَ مُخْتَلِفِينَ
(Оо, Мухаммад) Эгер Раббиң кааласа, бардык адамдарды бир динде (Исламда) кылып коймок. Бирок, (Аллахтын Өзүнө гана маалым даанышмандыгы себептүү) азыркыга чейин ар кандай (динде) калууда.
11:118 -
إِلَّا مَنْ رَحِمَ رَبُّكَ ۚ وَلِذَٰلِكَ خَلَقَهُمْ ۗ وَتَمَّتْ كَلِمَةُ رَبِّكَ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ
Өзү ырайым кылгандардан башкалары. Аллах адамдарды ушундай (кээ бири акыйкатка, кээ бири жалганга ээрчий турган) болушу үчүн жаратты. Раббиңдин: “(Каапыр болгон) бардык жиндер жана адамдар менен тозокту толтурамын!” деген сөзү толугу менен аткарылды.
11:119 -
وَكُلًّا نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنْبَاءِ الرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِهِ فُؤَادَكَ ۚ وَجَاءَكَ فِي هَٰذِهِ الْحَقُّ وَمَوْعِظَةٌ وَذِكْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ
(Оо, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү – сабактар бар.
11:120 -
وَقُلْ لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ اعْمَلُوا عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنَّا عَامِلُونَ
(Далилдерди тизмектегенден кийин) ыйман келтирбеген адамдарга айткын: “Билген ишиңерди жасай бергиле! Биз да билгенибизди жасай беребиз”.
11:121 -
وَانْتَظِرُوا إِنَّا مُنْتَظِرُونَ
(Бизге эмне болоорун) күткүлө, биз дагы (башыңарга кандай жаза келээрин) күтөбүз.
11:122 -
وَلِلَّهِ غَيْبُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَإِلَيْهِ يُرْجَعُ الْأَمْرُ كُلُّهُ فَاعْبُدْهُ وَتَوَكَّلْ عَلَيْهِ ۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллахтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллах кабарсыз эмес!
11:123 -
الر ۚ تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْمُبِينِ
Алиф. Лам, Раа. Булар айкын Китеп аяттары.
12:1 -
إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ
Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Куранды араб тилинде түшүрдүк.
12:2 -
نَحْنُ نَقُصُّ عَلَيْكَ أَحْسَنَ الْقَصَصِ بِمَا أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ هَٰذَا الْقُرْآنَ وَإِنْ كُنْتَ مِنْ قَبْلِهِ لَمِنَ الْغَافِلِينَ
(О, Мухаммад) Биз сага бул Куранды вахий кылуу менен икаялардын эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң.
12:3 -
إِذْ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ إِنِّي رَأَيْتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوْكَبًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ رَأَيْتُهُمْ لِي سَاجِدِينَ
Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди.
12:4
Котормо: Шамсуддин Хакимов