Катталуу, бет 234
-
فَلَا تَكُ فِي مِرْيَةٍ مِمَّا يَعْبُدُ هَٰؤُلَاءِ ۚ مَا يَعْبُدُونَ إِلَّا كَمَا يَعْبُدُ آبَاؤُهُمْ مِنْ قَبْلُ ۚ وَإِنَّا لَمُوَفُّوهُمْ نَصِيبَهُمْ غَيْرَ مَنْقُوصٍ
(Оо, Мухаммад) Тиги (мушрик) адамдар ибадат кылып жаткан нерселердин жалгандыгынан эч күмөн санаба. Алар мурунку ата-бабалары сыйынганы сыяктуу сыйынып жатышат. (Тозокко да ошолор киргендей киришет) Бирок, Биз алардын (бул дүйнөдөгү) насиптерин кыскартпай эле бердик.
11:109 -
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ فَاخْتُلِفَ فِيهِ ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ ۚ وَإِنَّهُمْ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ مُرِيبٍ
Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик эле, ал жөнүндө талаш пайда болду. Эгер Сенин Раббиң тарабынан (жаза Кыяматта болушу жөнүндөгү) Сөз(ү) болбогондо алардын арасында(гы залымдарына ошол замат азап берүү менен) өкүм кылынмак. Чынында алар андан (Курандан) да күмөн санашууда.
11:110 -
وَإِنَّ كُلًّا لَمَّا لَيُوَفِّيَنَّهُمْ رَبُّكَ أَعْمَالَهُمْ ۚ إِنَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Албетте, сенин Раббиң (Кыяматта) алардын ар бирине амалдарын(а жараша сыйлык же жазасын) толук берет. Ал (Аллах) алардын бардык иштеринен кабардар.
11:111 -
فَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ وَمَنْ تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطْغَوْا ۚ إِنَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
(Оо, Мухаммад) сен жана сени менен болгон тообо кылгандар (дин-ишенимиңерде Куранда) буюрулгандай түз болгула! Чектен чыга көрбөгүлө! Ал (Аллах) эмне кылганыңарды Көрүүчү!
11:112 -
وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ
Залым (каапыр) адамдарга жан тартпагыла. (Эгер аларга болушсаңар) силерди тозок кармайт жана Аллахтан башка эч бир дос таппай, жардамсыз каласыңар.
11:113 -
وَأَقِمِ الصَّلَاةَ طَرَفَيِ النَّهَارِ وَزُلَفًا مِنَ اللَّيْلِ ۚ إِنَّ الْحَسَنَاتِ يُذْهِبْنَ السَّيِّئَاتِ ۚ ذَٰلِكَ ذِكْرَىٰ لِلذَّاكِرِينَ
(Оо, Мухаммад!) Күндүздүн эки тарабында (түшкө чейин жана түштөн кийин) жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку! Чынында жакшылыктар жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет. Бул – эскерүүчү адамдар үчүн эскертүү.
11:114 -
وَاصْبِرْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ
Сабыр кыл. Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт.
11:115 -
فَلَوْلَا كَانَ مِنَ الْقُرُونِ مِنْ قَبْلِكُمْ أُولُو بَقِيَّةٍ يَنْهَوْنَ عَنِ الْفَسَادِ فِي الْأَرْضِ إِلَّا قَلِيلًا مِمَّنْ أَنْجَيْنَا مِنْهُمْ ۗ وَاتَّبَعَ الَّذِينَ ظَلَمُوا مَا أُتْرِفُوا فِيهِ وَكَانُوا مُجْرِمِينَ
Эгер силерден мурунку (апааттан кырылган) муундардын арасында жерде бузукулук кылуудан кайтара турган жакшы кишилерден (бир аз) калган болсо, (алар башкаларды да даават кылмак жана жалпы апааттан кутулуп калышмак). Ал эми Биз (апааттан) куткаргандардын арасында андайлар өтө сейрек болду. Залымдар кумар-лаззаттарга берилип, күнөө-кылмыш жасоочулар(дан) болуп калышты (натыйжада баштарына Аллахтын азабы түштү).
11:116 -
وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرَىٰ بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا مُصْلِحُونَ
Сенин Раббиң эч качан элдери агартуучу болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес.
11:117
Котормо: Шамсуддин Хакимов