Катталуу, бет 230
-
قَالَتْ يَا وَيْلَتَىٰ أَأَلِدُ وَأَنَا عَجُوزٌ وَهَٰذَا بَعْلِي شَيْخًا ۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيْءٌ عَجِيبٌ
Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Мен кемпир, бул күйөөм чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» – деди.
11:72 -
قَالُوا أَتَعْجَبِينَ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ ۖ رَحْمَتُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ عَلَيْكُمْ أَهْلَ الْبَيْتِ ۚ إِنَّهُ حَمِيدٌ مَجِيدٌ
(Периштелер) айтышты: “Аллахтын буйругуна таң каласыңбы? Оо, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллахтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал – Даңазалуу, Улук!
11:73 -
فَلَمَّا ذَهَبَ عَنْ إِبْرَاهِيمَ الرَّوْعُ وَجَاءَتْهُ الْبُشْرَىٰ يُجَادِلُنَا فِي قَوْمِ لُوطٍ
Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады.
11:74 -
إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ
Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадатчыл киши эле.
11:75 -
يَا إِبْرَاهِيمُ أَعْرِضْ عَنْ هَٰذَا ۖ إِنَّهُ قَدْ جَاءَ أَمْرُ رَبِّكَ ۖ وَإِنَّهُمْ آتِيهِمْ عَذَابٌ غَيْرُ مَرْدُودٍ
«Оо, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!»
11:76 -
وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالَ هَٰذَا يَوْمٌ عَصِيبٌ
Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди.
11:77 -
وَجَاءَهُ قَوْمُهُ يُهْرَعُونَ إِلَيْهِ وَمِنْ قَبْلُ كَانُوا يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ ۚ قَالَ يَا قَوْمِ هَٰؤُلَاءِ بَنَاتِي هُنَّ أَطْهَرُ لَكُمْ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ فِي ضَيْفِي ۖ أَلَيْسَ مِنْكُمْ رَجُلٌ رَشِيدٌ
Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум – деди Лут – (бул арам иштен көрө) мына, (коомдогу бардык кыздар) менин кыздарым (ошолорго үйлөнгөнүңөр) тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда туура жолдогу киши калган эмеспи?!
11:78 -
قَالُوا لَقَدْ عَلِمْتَ مَا لَنَا فِي بَنَاتِكَ مِنْ حَقٍّ وَإِنَّكَ لَتَعْلَمُ مَا نُرِيدُ
Айтышты: «Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да?»
11:79 -
قَالَ لَوْ أَنَّ لِي بِكُمْ قُوَّةً أَوْ آوِي إِلَىٰ رُكْنٍ شَدِيدٍ
(Анда Лут мындай) деди: «(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!»
11:80 -
قَالُوا يَا لُوطُ إِنَّا رُسُلُ رَبِّكَ لَنْ يَصِلُوا إِلَيْكَ ۖ فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِنَ اللَّيْلِ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنْكُمْ أَحَدٌ إِلَّا امْرَأَتَكَ ۖ إِنَّهُ مُصِيبُهَا مَا أَصَابَهُمْ ۚ إِنَّ مَوْعِدَهُمُ الصُّبْحُ ۚ أَلَيْسَ الصُّبْحُ بِقَرِيبٍ
(Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: «Оо, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет. Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!»
11:81
Котормо: Шамсуддин Хакимов