Сүрө 11 Худ
-
وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا ۚ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ هُوَ أَنْشَأَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَاسْتَعْمَرَكُمْ فِيهَا فَاسْتَغْفِرُوهُ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ ۚ إِنَّ رَبِّي قَرِيبٌ مُجِيبٌ
Жана Самуд коомуна өздөрүнүн бурадары Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, менин коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге (жерде да, асманда да) Андан башка Кудай жок. Ал силерди жерден (топурактан) жаратып, анын үстүндө жашатып койду. Аллахтан кечирим сурагыла жана тообо менен Өзүнө кайткыла! Акыйкатта, менин Раббим жакын жана (дубаларга) жооп берүүчү».
11:61 -
قَالُوا يَا صَالِحُ قَدْ كُنْتَ فِينَا مَرْجُوًّا قَبْلَ هَٰذَا ۖ أَتَنْهَانَا أَنْ نَعْبُدَ مَا يَعْبُدُ آبَاؤُنَا وَإِنَّنَا لَفِي شَكٍّ مِمَّا تَدْعُونَا إِلَيْهِ مُرِيبٍ
(Каапырлар) айтты: «Эй, Салих, сен биздин арабызда мындан мурун (көптү) үмүттөндүргөн (жакшы, адептүү адам) болчусуң. Эми сен бизди ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларга сыйынуудан кайтарасыңбы?! Сен даават кылып жаткан диниңден биз шектенип калдык».
11:62 -
قَالَ يَا قَوْمِ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كُنْتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّي وَآتَانِي مِنْهُ رَحْمَةً فَمَنْ يَنْصُرُنِي مِنَ اللَّهِ إِنْ عَصَيْتُهُ ۖ فَمَا تَزِيدُونَنِي غَيْرَ تَخْسِيرٍ
(Салих) айтты: «Оо, коомум! Айткылачы, мен Раббим тарабынан анык далил үстүндө болсом жана Ал мага Өзүнүн ырайымын – пайгамбарчылыгын берген болсо, (силердин далилсиз “кудайыңарга” ыраазы болуп) Ага (Аллахка) күнөө кылсам, Аллахтын азабынан мага ким жардам бере алат?! Силер (бул талабыңар менен) мага зыяндан башка нерсени көбөйтпөйсүңөр!».
11:63 -
وَيَا قَوْمِ هَٰذِهِ نَاقَةُ اللَّهِ لَكُمْ آيَةً فَذَرُوهَا تَأْكُلْ فِي أَرْضِ اللَّهِ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابٌ قَرِيبٌ
«Оо, коомум! Мына бул төө силер үчүн Аллахтын белгиси. Аны жөн (өз эркине) койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч жамандык кыла көрбөгүлө! Антсеңер, силерге жакын(да) азап жетет!»
11:64 -
فَعَقَرُوهَا فَقَالَ تَمَتَّعُوا فِي دَارِكُمْ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ ۖ ذَٰلِكَ وَعْدٌ غَيْرُ مَكْذُوبٍ
(Бирок, каапырлар) төөнү союп жиберишти эле (Салих) айтты: «Короо-жайыңарда үч күн (жашоо нээматынан) пайдалана тургула. (үч күндөн соң Аллахтын азабы келет) бул – акыйкат убада!».
11:65 -
فَلَمَّا جَاءَ أَمْرُنَا نَجَّيْنَا صَالِحًا وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ بِرَحْمَةٍ مِنَّا وَمِنْ خِزْيِ يَوْمِئِذٍ ۗ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْقَوِيُّ الْعَزِيزُ
Качан Биздин буйругубуз (азап) келген убакытта Биз Салих менен ыйман келтирген адамдарды Өз ырайымыбыз менен (азаптан) жана ошол күндүн шерменделигинен асырап калдык. Албетте, сенин Раббиң - Кубаттуу, Кудуреттүү.
11:66 -
وَأَخَذَ الَّذِينَ ظَلَمُوا الصَّيْحَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دِيَارِهِمْ جَاثِمِينَ
Жана залым (каапыр) болгон адамдарды катуу добуш (ач кыйкырык) кармады. Бардыгы (жүрөктөрү жарылып) орду-ордунда кырылып калышты.
11:67 -
كَأَنْ لَمْ يَغْنَوْا فِيهَا ۗ أَلَا إِنَّ ثَمُودَ كَفَرُوا رَبَّهُمْ ۗ أَلَا بُعْدًا لِثَمُودَ
Алар бул жерлерде жашабагандай болуп (кырылып) калышты! Көңүл бургула, Самуд коому Раббисине каапыр болду эле! Уккула, Самудка өлүм!
11:68 -
وَلَقَدْ جَاءَتْ رُسُلُنَا إِبْرَاهِيمَ بِالْبُشْرَىٰ قَالُوا سَلَامًا ۖ قَالَ سَلَامٌ ۖ فَمَا لَبِثَ أَنْ جَاءَ بِعِجْلٍ حَنِيذٍ
Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (адам кейпинде) куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. “Салам” – деди (Ибрахим) жана дароо куурулган музоону(н этин) алып келди.
11:69 -
فَلَمَّا رَأَىٰ أَيْدِيَهُمْ لَا تَصِلُ إِلَيْهِ نَكِرَهُمْ وَأَوْجَسَ مِنْهُمْ خِيفَةً ۚ قَالُوا لَا تَخَفْ إِنَّا أُرْسِلْنَا إِلَىٰ قَوْمِ لُوطٍ
Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө (бир жамандык менен келишкен болбосун деп), алардан шек санап, кооптоно түштү. (Анда) алар: “Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген (азаптоочу) элчилер болобуз” - дешти.
11:70 -
وَامْرَأَتُهُ قَائِمَةٌ فَضَحِكَتْ فَبَشَّرْنَاهَا بِإِسْحَاقَ وَمِنْ وَرَاءِ إِسْحَاقَ يَعْقُوبَ
Ибрахимдин аялы (кызмат кылып) турган. (Болгон сөздү угуп) күлүп жиберди. Биз (периштелер аркылуу) ага (жакында төрөй турган баласы) Исхактын жана Исхактын артынан (жарык дүйнөгө жарала турган небереси) Якубтун кушкабарын билдирдик.
11:71 -
قَالَتْ يَا وَيْلَتَىٰ أَأَلِدُ وَأَنَا عَجُوزٌ وَهَٰذَا بَعْلِي شَيْخًا ۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيْءٌ عَجِيبٌ
Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Мен кемпир, бул күйөөм чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» – деди.
11:72 -
قَالُوا أَتَعْجَبِينَ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ ۖ رَحْمَتُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ عَلَيْكُمْ أَهْلَ الْبَيْتِ ۚ إِنَّهُ حَمِيدٌ مَجِيدٌ
(Периштелер) айтышты: “Аллахтын буйругуна таң каласыңбы? Оо, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллахтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал – Даңазалуу, Улук!
11:73 -
فَلَمَّا ذَهَبَ عَنْ إِبْرَاهِيمَ الرَّوْعُ وَجَاءَتْهُ الْبُشْرَىٰ يُجَادِلُنَا فِي قَوْمِ لُوطٍ
Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады.
11:74 -
إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّاهٌ مُنِيبٌ
Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадатчыл киши эле.
11:75 -
يَا إِبْرَاهِيمُ أَعْرِضْ عَنْ هَٰذَا ۖ إِنَّهُ قَدْ جَاءَ أَمْرُ رَبِّكَ ۖ وَإِنَّهُمْ آتِيهِمْ عَذَابٌ غَيْرُ مَرْدُودٍ
«Оо, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!»
11:76 -
وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالَ هَٰذَا يَوْمٌ عَصِيبٌ
Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди.
11:77 -
وَجَاءَهُ قَوْمُهُ يُهْرَعُونَ إِلَيْهِ وَمِنْ قَبْلُ كَانُوا يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ ۚ قَالَ يَا قَوْمِ هَٰؤُلَاءِ بَنَاتِي هُنَّ أَطْهَرُ لَكُمْ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ فِي ضَيْفِي ۖ أَلَيْسَ مِنْكُمْ رَجُلٌ رَشِيدٌ
Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум – деди Лут – (бул арам иштен көрө) мына, (коомдогу бардык кыздар) менин кыздарым (ошолорго үйлөнгөнүңөр) тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда туура жолдогу киши калган эмеспи?!
11:78 -
قَالُوا لَقَدْ عَلِمْتَ مَا لَنَا فِي بَنَاتِكَ مِنْ حَقٍّ وَإِنَّكَ لَتَعْلَمُ مَا نُرِيدُ
Айтышты: «Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да?»
11:79 -
قَالَ لَوْ أَنَّ لِي بِكُمْ قُوَّةً أَوْ آوِي إِلَىٰ رُكْنٍ شَدِيدٍ
(Анда Лут мындай) деди: «(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!»
11:80
Котормо: Шамсуддин Хакимов