Катталуу, бет 194

  1. انْفِرُوا خِفَافًا وَثِقَالًا وَجَاهِدُوا بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

    Жеңилдик мезгилде да, оорчулук мезгилде да (Аллахга тобокел кылып) чыга бергиле жана Аллахтын жолунда малыңар, жаныңар менен жихад кылгыла! Эгер билсеңер, бул өзүңөргө жакшы.

    9:41
  2. لَوْ كَانَ عَرَضًا قَرِيبًا وَسَفَرًا قَاصِدًا لَاتَّبَعُوكَ وَلَٰكِنْ بَعُدَتْ عَلَيْهِمُ الشُّقَّةُ ۚ وَسَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَوِ اسْتَطَعْنَا لَخَرَجْنَا مَعَكُمْ يُهْلِكُونَ أَنْفُسَهُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

    Эгер (О, Мухаммад, сен чакырган нерсе) дүйнөлүк пайда же жеңил сапар болсо, алар сени сөзсүз ээрчимек. Бирок, аларга аралык алыс болду. Жана алар Аллахка ант ичип: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болгондо силер менен чыкмакпыз” деп, өздөрүн өлүмгө (тозокко) түртүшөт. Аллах алардын анык жалганчы экенин билет.

    9:42
  3. عَفَا اللَّهُ عَنْكَ لِمَ أَذِنْتَ لَهُمْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكَ الَّذِينَ صَدَقُوا وَتَعْلَمَ الْكَاذِبِينَ

    Аллах сени кечирди. Эмне үчүн сен, өзүңө чын сүйлөгөн адамдар билингенге чейин жана жалганчыларды сынап билгениңе чейин аларга (согуштан калууларына) уруксат берип жибердиң?!

    9:43
  4. لَا يَسْتَأْذِنُكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أَنْ يُجَاهِدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالْمُتَّقِينَ

    Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендер малдары жана жандары менен жихад кылуудан (калуу үчүн) уруксат сурашпайт. Аллах такыбаа кишилерди Билүүчү.

    9:44
  5. إِنَّمَا يَسْتَأْذِنُكَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَارْتَابَتْ قُلُوبُهُمْ فَهُمْ فِي رَيْبِهِمْ يَتَرَدَّدُونَ

    Чынында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санаган адамдар гана (жихаддан калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет.

    9:45
  6. وَلَوْ أَرَادُوا الْخُرُوجَ لَأَعَدُّوا لَهُ عُدَّةً وَلَٰكِنْ كَرِهَ اللَّهُ انْبِعَاثَهُمْ فَثَبَّطَهُمْ وَقِيلَ اقْعُدُوا مَعَ الْقَاعِدِينَ

    Эгер алар чыгууну (жүрөктөн) каалаганда согушка даярдык көрүп коюшат болчу. Бирок, алардын чыгышын Аллахтын Өзү каалабай, жалкоо кылып койду жана аларга: “Отуруучулар (аялдар, жаш балдар) менен (үйдө) отургула” - деп айтылды.

    9:46
  7. لَوْ خَرَجُوا فِيكُمْ مَا زَادُوكُمْ إِلَّا خَبَالًا وَلَأَوْضَعُوا خِلَالَكُمْ يَبْغُونَكُمُ الْفِتْنَةَ وَفِيكُمْ سَمَّاعُونَ لَهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

    Эгер алар силер менен чыкканда, силердин кемчилдигиңерди көбөйтмөк жана араңарда бузукулукту каалап, аракет кылмак. Силердин ичиңерде аларды уга тургандар да табылат. Аллах залымдарды Билүүчү.

    9:47

Котормо: Шамсуддин Хакимов