Катталуу, бет 193
-
إِنَّمَا النَّسِيءُ زِيَادَةٌ فِي الْكُفْرِ ۖ يُضَلُّ بِهِ الَّذِينَ كَفَرُوا يُحِلُّونَهُ عَامًا وَيُحَرِّمُونَهُ عَامًا لِيُوَاطِئُوا عِدَّةَ مَا حَرَّمَ اللَّهُ فَيُحِلُّوا مَا حَرَّمَ اللَّهُ ۚ زُيِّنَ لَهُمْ سُوءُ أَعْمَالِهِمْ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ
Аныгында, “насиь” (айлардын ордун алмаштыруу) аша чапкан каапырчылык. Ал себептүү каапырлар (катуу) адашып, Аллах арам кылган айлардын санагын дал келтирүү үчүн аны (“насиьны”) бир жыл адал кылышса, бир жыл арам кылышат. Эми, алар (бул жоругу менен) Аллах арам кылган нерсени адал кылышууда. Аларга (шайтан тарабынан) иштеринин жамандыгы кооздолуп көргөзүлүүдө. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.
9:37 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ ۚ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ ۚ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ
О, ыйман келтиргендер! Силерге эмне болду, “Аллахтын жолунда (жихадга) чыккыла” деп айтылганда жерге оор отуруп калдыңар?! Эмне, силер Акыреттин ордуна дүйнө жашоосуна ыраазы болуп калдыңарбы?! Акыреттин алдында дүйнө жашоосу(нун жыргалдары) аз нерсе го!
9:38 -
إِلَّا تَنْفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَيَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئًا ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгер чыкпасаңар Аллах силерди катуу азапка салып, (өлтүрүп) ордуңарга башка коомду алып келет. Силер (Аллахтын чакырыгына жооп бербей койсоңор) Ага эч нерсени зыян келтире албайсыңар. Аллах ар нерсеге кудуреттүү.
9:39 -
إِلَّا تَنْصُرُوهُ فَقَدْ نَصَرَهُ اللَّهُ إِذْ أَخْرَجَهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ثَانِيَ اثْنَيْنِ إِذْ هُمَا فِي الْغَارِ إِذْ يَقُولُ لِصَاحِبِهِ لَا تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا ۖ فَأَنْزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَيْهِ وَأَيَّدَهُ بِجُنُودٍ لَمْ تَرَوْهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ الَّذِينَ كَفَرُوا السُّفْلَىٰ ۗ وَكَلِمَةُ اللَّهِ هِيَ الْعُلْيَا ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эгер ага (пайгамбарга) силер жардам бербесеңер, Аллахтын Өзү жардам берген: бир кезде, каапыр болгон адамдар аны экөөнүн экинчиси кылып (Меккеден) чыгарышканда (жардам берген). Ошондо, экөө үңкүрдө турганда, ал шеригине: “Кайгырбагын, Аллах биз менен” деген убакытта Аллах ага бейпилдик түшүрүп, силер көрбөй турган аскерлер (периштелер) менен колдоду. Жана каапыр адамдардын (“Мухаммадды сөзсүз өлтүрөбүз” деген) сөздөрүн төмөн кылды жана Аллахтын (эзелки тагдырдагы) сөзү жогору болду. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
9:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов