Катталуу, бет 185

  1. وَإِنْ يُرِيدُوا أَنْ يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ اللَّهُ ۚ هُوَ الَّذِي أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِ وَبِالْمُؤْمِنِينَ

    Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллах жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана ыймандуулар менен колдогон.

    8:62
  2. وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ ۚ لَوْ أَنْفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مَا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

    Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!

    8:63
  3. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ حَسْبُكَ اللَّهُ وَمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

    Оо, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген ыймандууларга Аллах жетиштүү.

    8:64
  4. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ حَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ عَلَى الْقِتَالِ ۚ إِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ عِشْرُونَ صَابِرُونَ يَغْلِبُوا مِائَتَيْنِ ۚ وَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ مِائَةٌ يَغْلِبُوا أَلْفًا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ

    Оо, пайгамбар! Ыймандууларды согушка кайраттандыр! (О, ыймандуулар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар.

    8:65
  5. الْآنَ خَفَّفَ اللَّهُ عَنْكُمْ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمْ ضَعْفًا ۚ فَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ مِائَةٌ صَابِرَةٌ يَغْلِبُوا مِائَتَيْنِ ۚ وَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ أَلْفٌ يَغْلِبُوا أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ مَعَ الصَّابِرِينَ

    Эми, Аллах силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен, эки миңди жеңет, Аллах сабырдуулар менен!

    8:66
  6. مَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَنْ يَكُونَ لَهُ أَسْرَىٰ حَتَّىٰ يُثْخِنَ فِي الْأَرْضِ ۚ تُرِيدُونَ عَرَضَ الدُّنْيَا وَاللَّهُ يُرِيدُ الْآخِرَةَ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

    Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

    8:67
  7. لَوْلَا كِتَابٌ مِنَ اللَّهِ سَبَقَ لَمَسَّكُمْ فِيمَا أَخَذْتُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    Эгерде, Аллахтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле.

    8:68
  8. فَكُلُوا مِمَّا غَنِمْتُمْ حَلَالًا طَيِّبًا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Эми, олжо кылып алган нерсеңерден адал-таза билип жей бергиле. Аллахтан корккула! Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    8:69

Котормо: Шамсуддин Хакимов