Катталуу, бет 184

  1. ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ لَمْ يَكُ مُغَيِّرًا نِعْمَةً أَنْعَمَهَا عَلَىٰ قَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ ۙ وَأَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

    Бул (азаптар) Аллах эч бир коомго берген жакшылыктарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.

    8:53
  2. كَدَأْبِ آلِ فِرْعَوْنَ ۙ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ فَأَهْلَكْنَاهُمْ بِذُنُوبِهِمْ وَأَغْرَقْنَا آلَ فِرْعَوْنَ ۚ وَكُلٌّ كَانُوا ظَالِمِينَ

    (Дагы алардын иштери) Фараон адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фараон адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллах жазалагандардын) баары (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду.

    8:54
  3. إِنَّ شَرَّ الدَّوَابِّ عِنْدَ اللَّهِ الَّذِينَ كَفَرُوا فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Чынында, Аллахтын назарында кыбыраган жандыктын эң жаманы – каапырлар. Себеби, алар ыйман келтиришпеди.

    8:55
  4. الَّذِينَ عَاهَدْتَ مِنْهُمْ ثُمَّ يَنْقُضُونَ عَهْدَهُمْ فِي كُلِّ مَرَّةٍ وَهُمْ لَا يَتَّقُونَ

    Сен алар менен убадалаштың эле, кийин, ар бир жолку убадалашууда кыянат кылышты. Алар такыбасы жок адамдар.

    8:56
  5. فَإِمَّا تَثْقَفَنَّهُمْ فِي الْحَرْبِ فَشَرِّدْ بِهِمْ مَنْ خَلْفَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ

    Эгер аларды согушта тапсаң сазайын берүү менен, артындагыларга сес көргөзүп кой. Эстеринен чыгарбай жүрүшөөр!

    8:57
  6. وَإِمَّا تَخَافَنَّ مِنْ قَوْمٍ خِيَانَةً فَانْبِذْ إِلَيْهِمْ عَلَىٰ سَوَاءٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْخَائِنِينَ

    Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө). Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт!

    8:58
  7. وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا سَبَقُوا ۚ إِنَّهُمْ لَا يُعْجِزُونَ

    Каапыр адамдар (“Эми бизге Аллахтын азабы келишинен) өтүп кеттик” – деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллахты) алсыз калтыра алышпайт.

    8:59
  8. وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ ۚ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ شَيْءٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ

    (О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллахтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат.

    8:60
  9. وَإِنْ جَنَحُوا لِلسَّلْمِ فَاجْنَحْ لَهَا وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Эгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллахка тобокел кыл. Аныгында, Ал – Угуучу, Билүүчү.

    8:61

Котормо: Шамсуддин Хакимов